Айбат » Кыргыз болгон соң эми ак калпакты кийгенге акыбыз жокпу же “Ак калпакчандарды кармагыла!” – деп буйрук бергендер кыргыз эмеспи?!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз болгон соң эми ак калпакты кийгенге акыбыз жокпу же “Ак калпакчандарды кармагыла!” – деп буйрук бергендер кыргыз эмеспи?!

19-ноябрь күнү калаабыздын так борборунда жайгашкан “Бишкек Парк” соода комплексинин алдында, “Калыс” саясий кыймылынын тынчтык акциясы болуп өттү. Акциянын талабы “Бишкек-Парк” ЖЧКнын жетекчилиги, тагырак айтканда директору Али Ихсандын  аталган соода борборунда иштеген кыргыз жараны Айзада Ашимбаевадан жана кыргыз элинен кечирим сурашы болгон. Себеби, Али Ихсан Айзада Ашимбаеваны жумушунан негизсиз чыгарып салганы аз келгенсип, аны менен болгон жолугушууларда жалпы кыргыз элин “койлор, акчага барын сатып алам” деп, одоно-орой көп сөздөрдү айткан.

Ошентип, ал күнү саат 11:00до баштала турган акцияда “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов сөз сүйлөп баштаганынан бир мүнөт өтүп, эки  мүнөткө жеткизбей, ошол жерге барган милиция кызматкери подполковник, ШИИБдин жетекчисинин орун-басары Алмаз Орозалиев, “ак калпакчандарды кармагыла” деп, ары жакта даяр турган 20-30 милиционерлерге буйрук бергени менен катар шатырата сөгүп кетти. “Ак калпакчандарды кармагыла” деп ал “кыргыздарды кармагыла” дегендей мааниде эле болду!

Боло турган акцияны чагылдырганга барган биздин aibat.kg  сайтыбыздын  веб-редактору Бектур Баймоңоловду, ак калпак кийип келгени үчүн башкалар менен бирге, автобуска салып, кармап кетишкен. Кыргыз болгон соң эми ак калпакты кийгенге акыбыз жокпу?!

Калганын Бектур Баймоңоловдон уксак:

-“Бизди экиден, үчтөн милиционерлер кармап, мен прессадан келдим дегениме карабай, автобуска мал салгандай эле түртүп киргизишти. “Жеңиш мырзаны подполковник далга ура түрткөндө, ал жыгылып да кетти. Жалпысынан жетөөбүздү кармаптыр. Анан жолдо кетип баратканда милиционерлердин бирөөсү “силерди эмнеге кармады?” деп сурады эле, Жеңиш мырза “Билбесең эмне кармап атасын?!” десе ал акырын алдыга басып кетти. Автобустун айдоочусу жол эрежесин деги эле сактабайт экен. Спец. машина болсо эле карама-каршы жолго чыга берген болбойт, ал үчүн жок дегенде “спец сигналын” иштетип алышы керек эле. Бишкек-Парктан Биринчи Май РИИБине жеткичекте эле автобусу талкаланып кала жастады. Жол тандап, мамлекеттик унааны айоо деген жок экен да…

Биринчи Май РИИБке жеткенде ар бирибизге протокол толтура башташты. Жетөөбүзгө жети участковый келип, жети жолудан сурак алышты. Анан дагы протокол толтурганда бири-биринен “кайсы статьяны жазабыз? Баягы 371да ээ?” деп, “дежурный” статьясын жазышты окшойт…

“Мен прессадан келдим “деп, күбөлүгүмдү көргөзгөнүмө карабай 4 саат кармашты. Акыры акыйкатчынын аппаратынан кызматкерлер келгенде гана, милиционерлер мени “сен прессадан турбайсыңбы, жана эле айтпайт белең” деп өлүмүш болуп, кое беришти. Чыгып баратсам “эми “сасыйт” турбайсыңбы” дегенинде “болгонун болгондой жазам” дедим”.

Ал эми “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов жана анын жактоочуларын Биринчи Май Райондук сотуна алып келишти. Ар бирине 371 статья боюнча сот Жеңиш мырзага эскертме берсе, калгандарына 200-500 сомго чеин айыпка жыгышты.

 

Калыс - саясий кыймылы“Калыс” саясий кыймылынын төрагасы  Жеңиш Молдокматовдун оюна до орун берсек:

– “Тынчтык акциялар, митингдер башталбай туруп токтотулганы жана анын уюштуруучулары менен катышуучуларын камакка алган ыплас ыкмалар менен окуялар качып кеткен Акаев жана Бакиев учурунда болгон. Бүгүнкү күнү, өз жерибизде өзүбүзгө ээ боло албай, өзүбүздүн укуктарды коргой албай, сырттан келип, биздин байлыктарды, жерлерди, кендерди, жада калса мамлекеттен көрсөтүлгөн жеңилдиктерди алып, биздин элди койго теңеп “КОЙСУҢАР” деп шылдыңдаганын көрүп, бир дагы бийлик бутагы үн катпай койгону биз үчүн ШЫЛДЫҢ жана УЯТ деп эсептейбиз. Кечээки ыплас кысымы менен биздин патриоттук демди баса алышпайт, анын ордуна курчутат. Биз жакынкы аралыкта кызматташ жана тарапташ саясий партиялар, уюмдар жана активдүү жарандар менен бирдикте “ЧОҢ МИТИНГ” өткөрөбүз. Бир дагы мамлекеттик орган чечпеген маселени өзүбүз чечебиз, жазылган жана жазылбаган мыйзам чегинде!”

Даярдаган Жеңиш Шерипбаев

Айбат гезити №54




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru