Айбат » Өзбекстан газ бербей койсо, Келдибеков өзү баштап эл үчүн тезек терип береби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өзбекстан газ бербей койсо, Келдибеков өзү баштап эл үчүн тезек терип береби?

Кыргызгаз«Кыргызгаздын» бүгүнкү күндөгү абалы, анын карыздарынын канча экендиги жалпы коомчулукка белгилүү. Анын үстүнө буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, кыштын кыраан чилдесинде коңшулаш мамлекеттер көгүлтүр отту берүүнү токтотуп коюп, далай жолу азабыбызды жеген элек. Ага кошул-ташыл болуп, электр энергиясы да үзгүлтүк менен бериле баштаганда карапайым элдин башына каран түн түшкөндөй эле болуп келет.

Мына ушундай көйгөйлөрдү чечүү максатында «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу маселеси көптөгөн жылдардан бери карай эле көтөрүлүп келгени менен тилекке каршы күнү бүгүнкүгө чейин жүзөгө ашпай келет. Учурда бул маселе өлкөбүздөгү «Кумтөр» маселесинен кийинки эле экинчи орундагы саясый куралга айланган маселе болуп калды.

Ырасын айтканда, «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу маселеси эң эле оптималдуу вариант экендигин бул жааттагы дасыккан адистер айтып келишет. Бирок, бүгүнкү бийликке далысын салып, канткенде ээрден оодара тартсак болот деген суроо менен баш оорутуп отурган саясатчылар адаттарынча элдин кызыкчылыгына караганда өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, каршы чыгып келишет. Эгерде биз «Кыргызгазды» «Газпромго» сатсак, көгүлтүр от менен жалпы мекендештерибизди үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот элек. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев да «Бизге «Кыргызгаз» эмес, үзгүлтүксүз берилип турган газ керек» деп билдирген.

Бирок, Жогорку Кеңештеги Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков өңдүү депутаттар кылдан кыйкым издешип, чымындан төө жасоо менен алек. Маселен, кечээ жакында эле Акматбек Келдибеков «Биз «Кыргызгазды» сатпашыбыз керек, газы жок деле жашап жүргөнбүз, керек болсо тезек теребиз» деп күпүлдөп алган. Бирок, шаардын ичинен кайсыл жерден тезек тергенге мүмкүн экендигин айткан эмес. Ушундай эле сөздү анын «атасы» болгон КурСалиевич да убагында айта коюп, анысы анекдотко айланып кеткен. 21-кылымда жашап жатып элибизди тезек терүүгө чакырган Келдибековго эмне дээрибизди билбей калдык. Ырасын айтканда өзү деле тезектин өңү кандай болорун унутуп калса керек.

Ал эми «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу маселеси боюнча Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев мындай дейт: ««Газпром» киргизе турган 20 миллиард сом инвестиция эмеспи? Бирок бүгүнкү күндө ратификация убактылуу токтотулду. Бүгүн болсо биринчи кар жаады. Биз Өзбекстан менен 1-январга чейин келишим түзгөнбүз. Анткени 1-январдан тарта «Газпромго» ишенип жатканбыз. Эгерде Өзбекстан келишимди узартпай койсо, эмне кылабыз?».

Ырас эле, коңшулаш Өзбекстан бизди кыштын кыраан чилдесинде газы жок калтырган күндөрү болбоду беле? Болгон. Анан өздөрү колун сунуп, «Силерди үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылып турабыз» деген «Газпромго» каршы чыгып жаткан бул эрендерге, аларга кошулган «Өнүгүү» партиясынын мүчөлөрүнө эмне айта алабыз? Же болбосо, дал ушул эле саясатчылар, алардын ичинде «Өнүгүү» партиясынын лидери да Бакиевдин убагында жакшы кызматтарда иштеп турушкан. Ошол убакта Бакиев элди «тезек тергиле» деп коюп, баласынын рейдерлик басып алууларына көзүн чылк жуумп отурганда, мыйзамсыз эле «Түндүк электро» сатыла турган болгондо, дал ушул саясатчылар неге балык болуп отурушту эле? Же, силерге элдин жаркын жашоосуна караганда өзүңөрдүн гана байбачадай жашаганыңар артыкпы? Же Өзбекстан газ бербей койсо, Келдибеков өзү баштап эл үчүн тезек терип береби?

Антерине көзүбүз жетпейт. Эгерде ошентсе, анда чындап эле кыргыздын байлыгы үчүн күйүп жатат экен дейт элек.

Айбат гезити №54



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru