Айбат » Назарбек Нышанов Бакиевдин доорун сагынып жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Назарбек Нышанов Бакиевдин доорун сагынып жатабы?

Нышанов НазарбекАнда-санда саясатка баш бага калып, кандайдыр бир «Сенсация» жараткысы келгендей түр көрсөтүп жүргөн Назарбек Нышанов деген эрен бар. Ачыгын айтканда анын саясатка аралашып баштаганына бери жагы жыйырма жылдай болуп калды. Бирок, ошол күндөн ушул күнгө чейин элдин чекесин жылыта турган орчундуу иш жасай элек. Акыйкаттык үчүн айтып коюубуз керек, Назарбек мырза саясатка жаңыдан аралашып жүргөндө, тактап айтканда Акаевдин доорунда бийликтин туура эмес аракеттерин ачык айтып, безге сайгандай сүйлөп жүргөнүнөн «чыныгы патриот» деп ишенгендер өтө көп болбосо да, бар эле. Акаевге да импичмент жарыялаган. Андан кийин 2008-жылы Бакиевге да импичмент жарыялап, «Бул президент бийликтен кетпесе, өзүмдү-өзүм өрттөйм» деп да чыккан. Бирок, ал импичмент жарыялагандан кийин да Бакиев эки жыл мамлекет башында отурду. Назарбек мырза чыпалагын деле өрткө күйгүзгөн жок. Бир нече ай мурун Акматбек Келдибеков менен Азимбек Бекназаровдун кабат-кабат хан сарайларын, кымбат баалуу автоунааларын сүрөткө тартып алып, аны маалымат жыйынында көргөзүп чыккан. Бирок, анын жыйынтыгына жеткен жок. Эми болсо учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялап чыкты. Мен бул жерде бийликти деле укмуштай коргогум келбейт. Бирок, Назарбек Нышановдун президентке импичмент жарыялоосуна эмнелер себепкер болгондугун тизмелеп жазганын окуп алып, аргасыздан «ушунчалык да бет тырмоочулук болот турбайбы» деген ойго кептелесиң. Анда эмесе анын өлкө башчысын айыптаган пункттарынын айрымдарына токтоло кетели. «2010-жылы курал колдонуп, анти конституциялык жол менен бийликти кулаткандыгы жана мыйзамсыз түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн жардамы менен бийликти узурпациялап алганы үчүн» дейт биринчи пунктунда. Мындай билдирүүсү менен Назарбек мырза биринчи кезекте эле ошол 7-апрель революциясында бейкүнөө шейит кеткен 90 баланын арбагына шек келтирип атат. Экинчиден, ошол 7-апрелде Бакиевдердин огунан жарадар болуп, өмүр бою майып болуп калган «Апрель революциясынын баатырларынын» жараатын кайрадан козгоп жатат. үчүнчүдөн, ал күнү Алмазбек Атамбаев жана дагы калган ошол учурдагы оппозиционерлер элди аянтка баштап чыккан эмес. Алардын бардыгы 6-апрель күнү эле Бакиевдердин бийлиги тарабынан камакка алынган. Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна карапайым эл эч кандай куралы жок эле чыгышкан. Ок биринчи Ак үй тараптан атылган. Кыргызда «арбак ургур» деген кеп бар. Андыктан Назарбек мырза жок дегенде ушул чыныгы элдик революцияга шек келтирбей койсо жакшы болмок. Эл ал бийликтен өтө катуу жапа чеккен. Өз элин тезек тердиргиси келген бийликти кыргыздын кыраан жигиттери ызылдаган октордон да тайманбастан күрөшүп жатып, кууп чыккан. Ал эми Убактылуу Өкмөттү түзүү ошол кырдаалдын талабы болгон. Экинчи пунктунда 2010-жылы сепаратисттердин айынан Ош жана Жалал-Абадда болуп өткөн кыргыз-өзбек коогалаңына да бүгүнкү бийликти күнөөлөгөн. Эгерде Назарбек мырзанын эсине жара чыкпаса, ал коогалаңды Кадыржан Батыров өңдүү сепаратисттер уюштургандыгын, аны токтотуу үчүн Убактылуу Өкмөт болгон күчүн жумшаганын эстейт эле. Анан дагы ошол өрт күйүп турган коогалаңда Назарбек Нышанов кайда эле деген суроо туулат. Чыныгы патриот болсо, ошол жакка барып коогалаңды басууга көмөктөшөт эле го. Ал эми Убактылуу Өкмөт коогалаңды токтотууда зор эмгегин жумшап, андан кийин талкаланган шаарларды кайра калыбына келтирүүдө да өлкөбүздүн ошол учурдагы экономикалык абалына карабастан бардык күчүн жумшады го?.. үчүнчү пунктунда Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Кадыржан Батыров өңдүү коррупционерлерди закондуу жоопкерчиликтен качуусуна жана бошотулушуна айыптаптыр. Акаевдин качып кетүүсүнө кантип бүгүнкү бийликти күнөөлөгөнгө болот? Же, ал дагы 2010-жылы качты беле? Ал эми Курманбек Бакиевди ошол убакта кармап, жоопкерчиликте тартабыз дегенде жарандык согуш тутанып кетиши мүмкүн болгондугун билбейби? Кадыржан Батыров болсо түштүк жергесинде өрт тутантып коюп, куйругун түйүп кеткенин билебиз. Бирок, булардын бардыгы убагы келгенде мыйзамдуу жоопкерчиликтен эч кайда качып кутулбайт. Назарбек мырзанын айтымында бүгүнкү бийлик келгенден кийин регионализм менен трайбализм күчөп кеткен имиш. Анан дагы Акаев менен Бакиевдин доорундагы саясатчыларды бийликке алп келди деп күнөөлөйт. Эске сала кетсек, бүгүн бизде парламенттик-президенттик башкаруу системасы. Демек, шайлоодон ким утуп келсе, ал бийликке келе алат. Эгерде мурдагы бийликтегилердин тушундагыдай шайлоолорду бурмалай берсе, анда албетте Акаев жана Бакиевдердин кадрлары бийликке келмек эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, эгерде Нышановдун логикасына таянсак, Акаев менен Бакиевдин доорунда иштегендерди таптакыр кызматка алып келбей, алардын бардыгы саясый «критке» чыгарыш керек экен. Ошондо чыныгы демократия болобу? Ошондо эле Бакиевчилер тынч жатып калабы? Ал эми регионализм бүгүн эле жарала калган эмес. Ал зак жылдардан бери карай келе атат. Ачыгын айтканда бүгүн регионализм мурдагыга салыштырмалуу азыраак, көбүнесе партиялык бөлүнүүлөр бар. Ал эми коррупция дагы-да өсүп кетти дегени таптакыр чындыкка коошпой тургандыгын жалпы коомчулук билет. Анткени учурда коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат. Сырткы саясатыбыз мурдагыга караганда активдүү дагы, алгылыктуу дагы болуп жаткандыгын көрүп турабыз. Буга чет мамлекеттерден келип жаткан ири суммадагы инвестицияларды айтсак болот. Ал эми «саясый куугунтуктоолор, депутаттарды, сотторду, адвокаттарды, журналисттерди жана оппозицияны репрессиялоо, сөз эркиндигин чектөөлөр болуп жатат» дегени кантип акылга сыят? Же Бакиевдин убагындагы чыныгы саясый куугунтуктоолорду Нышанов билбейби? Айтор, Назарбек Нышановдун бул билдирүүсү баштан-аяк атайылап күчөтүлгөн, эптеп эле бийликке сөйкөнүүгө жасалган аракет экендиги көрүнүп турат. Эгерде омоктуу дооматтарды артса да эч нерсе айтпайт элек.

Айбат гезити №54




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Былыктары, алдамчылыгы чыгаарын билген бул шерменде оосура баштады гой?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru