Айбат » Коррупцияга каршы күрөш системага айланабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Коррупцияга каршы күрөш системага айланабы?

коррупцияПрезидент А.Атамбевдин коррупциянын себептерин четтетүү тууралуу соңку жарлыгы ийгиликке ишенбей асан-кайгылангандардын, өзгөчө ашынган атаандаштардын турум-тутумун олку-солку кылып, ал эми алкымын тыя албаган жемкорлордун оозунан жемин алып койгондой болду. Анткени, каршылаштар коррупцияга каршы буга чейинки чаралар көбүнчө көрсөтмө гана мүнөздө жүрүп, бийлик  майда-барат чиновниктер менен гана илээшип, аларды камап-соттоп жатат деген жүйөөнү карманып келишкени белгилүү. Ошол эле учурда ажону дал ошол камалгандарга ташбоордук кылып жатат деп кайра жемелегендер аз эмес. Мунусу менен атаандаштар эки жүздүүлүк кылып, өзүлөрүнүн бетин өзүлөрү ачып жатышканын сезбегендир.

Ал ортодо өнөктүк улам күчүнө кирип, күнөөгө баткандарды титиретпесе да солк эттирип, басылбаган баш ооруга кириптер кылганы талашсыз. Президенттин аппараттагы эмес, накта иштерман командасынын айрыкча соңку күндөрдөгү дымагы Кыргызстанда аттын кашкасындай таанымал коррупциячылардын жүрөк үшүн ала баштаганы сезилүүдө. Алар – буга чейинки көндүм адатка салып, депутаттык мандаттарына таянып, ЖоКе коңулунда жыргап жүрө беребиз дегендер. Бирок, «Ата-журттун» атыккан үчтүгү жумшак болсо да чүлүктөлүп, темир торго отуруп чыкканы  коррупцияга баткан өнөктөрүнүн демин басып, бүгүн алар дүйнөсү тарып бара жатканын жондору менен сезип калышкансыйт.

Ал эми кыргыз коомчулугунун айрым бир бөлүгүнүн апрелден кийинки бийликтин коррупцияга каршы чараларына анчейин ишене бербегендиги да жөндүүдөй. Себеби, өлкө эгемендик алгандан берки мезгилден баштасак, коррупция жалпы пикирге ылайык көз карандысыздыктын алгачкы жылдары бүчүрлөп, экинчи ажо К.Бакиевдин убагында гүлдөп-жайнап, ал эми 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашса да,  андан ары тамырлаганга тырышууда. Ошондон улам чет өлкөлүк изилдөөчүлөр Кыргызстанда коррупция мамлекеттик системага айланып кеткенин бекеринен айтышпагандыр. Жалпак тилге салганда, саткындык, сатып алуу, паракорлук, өз ара машташып-ашташуу коомдук мамилеге айланып кетүүдө.

Муну жону менен сезген жаңы бийлик  ушундай мамилелердин мындан ары уланышына жол берүүгө болбостугун, антпесе бул  илдет улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип, мамлекеттин тиректерин жыгып түшөөрүн ачык айтты. Анан бул балээге согуш ачты. Жаман жери, коррупция эгемендиктин өткөн 20дан ашык жылында ушунчалык тамырлашып, мамлекеттик системага  жана жарандардын аң-сезимине бекемделип алгандыктан, буга каршы саясий эрк талап кылынды. Апрелден кийинки бийлик мындай эркке барды. Президент А.Атамбаев коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берүү менен асан-кайгылангандарды ашкерелеп, уламдан-улам чечкиндүү кадамдарга барууда. Албетте, мындай чечкиндүү бурулуш иште кемчиликтер, жаңылуулар, каталыктар болууда. Элестүү айтканда, ар бир кадамда чалынууга туура келүүдө. Ага өлөөрчө машташып-иришкендердин колундагы бар күч-кубаттын, каражаттардын  каршы коюлушу кошул-ташыл болду.

Албетте, коррупциялангандар президенттин жарлыгынан коркуп кетип,  колдорун куушуруп өзүлөрү келип, багынып беришет деп ашкан баёолор гана ойломок. Чындыгында алар багынмак турсун, колдо бар күч-каражатардын баарын ишке киргизип, айыгышкан каршылык кылып, ишти бүлүнткөнгө, ал тургай өлкөдөгү саясий кырдаалды бузуп-жарганга чейин барышууда. Сатып алынган маалымат каражаттары, мамлекеттик бийлик органдарында тамыр жайган өнөктөш-табакташтары, калканчтары, урук-тууганы, кайын-журту, жолдош-жоролору, достору, жээк-жергеси, ал гана эмес, жөн эле акча берип көчөдөн чакырып келгендер – мына ушунун баары кармашка түшүүдө. Ал эми акыры соттолуп, темир торго түшкөндөр заматта оорукчан, чобур-чабыр, колунда жок  итке минген жакырга айланып, саясий куугунтук  жеген болуп чыга келишкени таңкалдырат. Анан эле ошол “байкуштарды” түрмөгө салган бийликти  ташбоор, жырткыч, тим эле фашисттик гестапочулар катары бакырып-өкүрө жамандап жатып калышканычы.

А балким, кыргыз ажосунун кемчилиги коррупциялангандарга карата Андроповдун ыкмаларын колдоно электигин дедир. Ю. Андропов ыраматылык СССРди башкарып турганда, мыйзамга каршы ачыктан-ачык  иш кылгандарды, жедеп машташып бүтүп, анысы коомчулукка эбак белгилүү болуп калгандарды тергебестен, сот-моту жок эле Сталинчесинен тырайта аттырып таштаганы белгилүү.  Коррупцияланган далай советтик жана партиялык жетекчи кызматтагылар муну көргөндөн кийин КГБ менен прокуратуранын кызматкерлери  кармаганы келе электе жандарын кыйганы тарыхый документтерден маалым. Мисалы, Өзбекстанда атагы таш жарган бир чарбалык маштакор СССР Прокуратурасынын тергөөчүлөрү Тельман Гдлян менен Александар Ивановду короосунан көрүп алып, дароо ичкериге өтө качып, курсагын курч бычак менен бышып-бышып алганы бар.

Кыргызстандагы коррупциялангандар  азырынча минтип коркоор түрү жок. Тескерисинче, кырыша каршылык кылып, жанын сактоого өтүштү. Ошентсе да, коррупцияга каршы күрөштүн максатка багытталып  улам ырааттуу жүрө баштаганы, бул күрөштүн системага айланууга умтулганы алардын тынчын ала баштаганы сезилүүдө. Ажонун   коррупциянын себептерин, өбөлгөлөрүн жок кылууга багытталып, кечээ-жакында кол коюлган Жарлыгы күрөштүн дал ошол системалашуу башаты катары далил боло алат. Ошол эле учурда Жарлыкка ылайык мамлекеттик органдарда коррупцияны жоюу мөөнөттөрүнүн белгилениши коммунисттик доордогу жана эгемендиктин алгачкы жылдарындагы өнөктүккө бир жагынан окшоп кетет. Ошентсе да, бул чарада адамдарда жана коомдо калыптанып кеткен терс психологияны бузууга, колу туткак чиновниктерди ооздуктоого, кылган кылыктарына акыры жооп берчү мезгил келгенин сездирүүгө умтулуу бар. Демек, Кыргызстанда коррупциячы болуу кесепеттүү, коркунучтуу болуп калганын айткан А.Атамбаев курулай коркутпаганы, иштин көзүн билээри аныкталгандай болду.

Каржы полициясынын ЖМКларга  атын атабастан маек берген аттуу-баштуу офицери 2010-жылдын апрелине чейин арам акчаны адалдаган соода түзүмдөрүн, БӨУларды, казинолорду текшерип-тергегенге тыюу салынып келгенин, анткени, жиптин учугу акыры барып бийлик кеңселерине алып барганын айтып өттү. Бүгүн мындай текшерүүлөр кадимки көрүнүш болуп калды. Анткени, буга бийликтин саясий эрки жети. Бийлик эми коррупциянын анабашыларына киришкендей.

Садырбек Чериков

Айбат гезити №54




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru