Айбат » Келдибековдун кылмыш иштери 2010-жылы башпрокуратурада өрттөнүп кеткен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибековдун кылмыш иштери 2010-жылы башпрокуратурада өрттөнүп кеткен

Салянова АидаБаш прокурор Аида Салянова кечээ парламент жыйынына келип, Акматбек Келдибековдун кармалышы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, 2009-жылы Келдибековго карата салыктарды жашырганы үчүн кылмыш иши козголуп, ал эми 2010-жылы болсо сыртынан айып тагышкан. “Иш токтоп алган эмес, текшерилип жаткан. Эгерде адам мамлекеттик кызматта турса, өзү да, мамлекеттик кызматта турган аялы да бизнес менен алектенбеши керек эле”, – дейт Салянова.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова эмне себептен Москвадагы МПА атайын өкүлчүлүгү боюнча жалпы чечим болсо да, жалгыз Келдибеков жооп берип жатканын сурады. Салянова 2010-жылдын 29-декабрында депутаттар МПА өкүлчүлүгүн кеңейтүү боюнча добуш бергенин жана документтерди алмаштыруу фактысы болгонун түшүндүрдү.

Башкы прокурор ошондой эле 2010-жылы кимдир бирөө аянтта окко төшүн тозуп жүрсө, башкалар мародерчулук менен алектенип, айрымдары документтерин жок кылып жүргөн. “Мен Келдибеков өрттөп жүрдү деп айтканым жок, бирок 2010-жылы анын 4 томдук кылмыш ишинин 3 тому жоголуп кеткен. Биз аларды эптеп калыбына келтирдик”, – деди Салянова.

Ал белгилегендей, баш прокуратуранын өрттөлүшү калбыры бар мамлекеттик кызматкерлердин кызыкчылыгында болгон жана бир катар чиновниктерге карата кылмыш иштери өрттөлүп кеткен. “Адатта текшерүүчү орган катардагы жарандардын иштери менен алектенбейт. Ошондуктан биз баш прокуратуранын өрттөлүшү тергөө үчүн маанилүү болгон көптөгөн документтердин өрттөлүшүнө кызыкдар адамдар тарабынан жасалган деп эсептейбиз. Келдибековдун да ишинин бир нече томдору өрттөнүп кеткен”, – деди Салянова.

Айбат гезити №54



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru