Айбат » Келдибековго салыштырмалуу аялы бай

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибековго салыштырмалуу аялы бай

Lexus LX520Акматбек Келдибековго караганда анын өмүрлүк жары Аида Токтоматова бай экен. Жалпысынан 31 имарат Аида айымга катталган. Төмөндө алардын айрымдарын тизмектейбиз.

Бишкек шаарында ага катталган мүлктөр:

• Табалдиева көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2002-жылы сатылып алынган);

• Сагымбай Манасчы көчөсүндөгү жер участогу (2011-жылы сатылып алынган);

• Табалдиева көчөсүндөгү турак үй (2001-жылы сатылып алынган);

• Геология көчөсүндөгү турак үй (2007-жылы сатылып алынган);

• Ахунбаева көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2005-жылы сатылып алынган);

• «Жал-15» кичирайонундагы курулуп бүтө элек квартира (2008-жылы сатылып алынган);

• Тынчтык проспектисиндеги батир, Сухомлинова көчөсүндөгү квартира (экөө тең 2007-жылы үч ай айырмачылык менен сатылып алынган), Сухомлинова көчөсүндөгү гараж дагы ошол эле жылы сатылып алынган;

• Токтогул көчөсүндөгү квартира (2000-жылы курулган);

Ош шаарындагы имараттары:

• Кара-Суу районунун Кыргызчек айылындагы жер тилкеси жана талаа станы бар;

• Бир имарат 2007-жылдын сентябрь айында сатылып алынган.

Ысык-Көлдөгү мүлктөрү:

• Бостери курорттук айылындагы жалпы аянты 2,55 гектар болгон «Илбирс-Саадат» пансионаты;

• Көл жээгиндеги 14 коттедж (ар биринин баасы кеминде 100 миң доллар);

• Булан-Сөгөттү айылындагы «Парк Отель Ле Меридан» пансионатынын аймагындагы коттеджди Аида Токтоматова «Торговый Дом Кара-Балта» ишканасынан 2009-жылдын 15-апрелинде 450 миң сомго сатып алган;

• «Карвен четыре сезона» пансионатындагы батир;

Кымбат баалуу машинелери:

• 1994-жылы чыккан «Мерседес-Бенц Е 320»;

• «Тойота Лэндкрузер»;

• «Шевроле – Субурбан»;

• «Тойота – Фортунер»;

• «Лексуз lx – 520»;

Азырынча ушулар…

Жогоруда А.Келдибеков жана анын жубайы А. Токтоматовага тиешелүү делген мүлктөрдүн четин гана чыгардык. Алардын баарын кошо эсептегенде миллиондогон доллардын башы кылтыйып чыгат. “Өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, айлыктан айлыкка жашаган Келдибеков мынча байлыкты кантип жыйнаган?” деген суроонун жандырмагы ошондон. Андан дагы кызыгы, А.Келдибеков “Кыргызгаз” ишканасынын тагдырына күйүмүш этип, “керек болсо аны 40 млн. долларга сатып алам” деп тар чөйрөдө күпүлдөгөнүн кулагыбыз чалды. Мындайда 40 млн. доллардын кайдан чогулганын айтып бериши керек эмеспи?

Апрель окуясынан кийин ондогон күркүлдөр Дубайга жашырынып, ал жактан бизнес түптөгөнүн эркин гезиттер далай жазышты. Алардын арасында Акматбек Келдибеков да кошулуп, 10 млн. долларлык ишкана ачканы каңкуулаган. Бул дагы иликтөөнү талап кылчу нерсе…

Жанатан бери санаган мүлктөрдү айрым чоң бизнесмендер дагы таба албашы аштан бышык. Андыктан А.Келдибеков мамлекеттик кызматтын убайын көрүп, миллиондорду жыйнаган деген …

Айбат гезити №54



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru