Айбат » Президент Жети-Өгүздөгү өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Президент Жети-Өгүздөгү өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Бүгүн президент “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

1

Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарандардын коопсуздугунун таламында жана кырдаалды тез арада турукташтыруу, коомдук тартипти калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын президентинин 2013-жылдын 31-майындагы №123 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

Ушул Жарлыкты кабыл алуунун жана жүзөгө ашыруунун аркасында жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтун, турмуштук мааниси бар инфраструктура объекттеринин жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимкидей иштеши үчүн коркунучтун деңгээли кыйла төмөндөдү, ал эми социалдык-экономикалык кырдаал турукташты. Өзгөчө абал колдонулган аймакта болгон маселелерди өзгөчө абал режимин колдонбостон чечүү үчүн шарттар түзүлдү.

Ошондуктан “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинде каралган негиздердин токтотулгандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылынды:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиевдин жана Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин катчысы Б.Б.Табалдиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 31-майындагы № 123 Жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына киргизилген өзгөчө абалды жокко чыгаруу боюнча сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагындагы өзгөчө абал 2013-жылдын 3-июнунда саат 12.00 баштап жокко чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын

31-майындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиев жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башка кабарлоо каражаттарын колдонуу менен өзгөчө абалдын алып салынгандыгы жөнүндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун калкын кабардар кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылган объекттердин ишин андан ары турукташтыруу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын.

6. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru