Айбат » Депутат Ч.Турсунбеков: Мага карата кылмыш ишин козгоого эч кандай жүйө жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутат Ч.Турсунбеков: Мага карата кылмыш ишин козгоого эч кандай жүйө жок

Турусбеков ЧыныбайМага карата кылмыш ишин козгоого эч кандай жүйө жок, деп билдирди Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 26-ноябрда «Баракелдеге» берген комментарийинде.

«Кылмыш ишин козгоо керектиги боюнча айтылып жаткан пикирлерге түшүнүп турам. Анткени, менин дагы оппоненттерим, душмандарым жетиштүү. Алар жок дегенде мени элге жек көргөзүү максатында аракет кылып жатышат», – деди эл өкүлү.

Айта кетсек, бир катар ММКларда КСДП фракциясынын кылмыш иши козголо турган депутаттарынын арасында Ч.Турсунбеков дагы бар экендиги байма-бай айтылууда. Ишти «Ликер-Арак» заводу менен байланыштырып, 183 млн сомго бааланган заводду Ч.Турсунбеков 60 млн сомго сатып алган, деген кинелер коюлууда.

Депутаттын айтымында, бул иш боюнча анын колунда депутаттык  Курманбек Дыйканбаев, Равшан Жкомиссиянын 2012-жылы 15-майда чыккан корутундусу бар. «Комиссияга мүчө болупээнбеков, Надира Нарматова жана башка депутаттар кирген. Алардын баары эгерде кемчилик тапса баса калганга даяр болушчу. Бирок, бардык материалдарды иликтеп чыгышып, эч кандай кемчилик жок деген 14 пункттан турган жыйынтык чыгарган», – деди Ч.Турсунбеков.

Ошондой эле, ал бул иш боюнча анын пайдасына чечилген эки соттун чечими бар экенин кошумчалады. «Ошондуктан, менин күнөөм жок экендигин далилдей турган документтер жетиштүү», – дейт ал.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru