Айбат » Centerra митингдер өндүрүш көлөмүнө сезилерлик таасир бербейт деп күтүп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Centerra митингдер өндүрүш көлөмүнө сезилерлик таасир бербейт деп күтүп жатат

Кенде транспорт каттамдары иштей баштаганына байланыштуу азык-түлүк жеткирүү, зарыл болгон материалдар менен камсыздоо калыбына келди

алтын

“Кумтөр” кенинде жүргүзүлүп жаткан иштерди аргасыз кыскартуу, бул факты тыкыр баалоону талап кылганына карабай 2013-жылы пландалган өндүрүш көлөмүнө сезилердик таасир бербейт. Бул тууралуу Канаданын Centerra Gold Inc алтын казып алуучу компаниясынан кабарлашты.

Ал жакта 1-июнда кендеги электр энергиясын берүү жаңыланганын тастыкташты.

“30-майдан 1-июнга чейин тоо иштеринин чоң көлөмү токтоп калганына да карабастан жетишерлик сандагы тоо техникасынын туруксуздук аймактагы калдыктарды ташуу иштери улантылды”, -деп билдиришти компаниялар.

Эскерте кетсек, 28-майда 200гө жакын жергиликтүү тургандар бейтапкана жана жол салып берүүнү талап кылып Кумтөр алтын кенине барчу жолду тосуп алышкан. Кечээ, 30-майда алар “Кумтөр” ишканасын электр энергиясы менен камсыздоочу Тамга айылынын жанындагы подстанцияга чабуул жасап башташкан. Аны тегерете милициялар турганына карабастан митингчилер подстанциядан Кумтөр алтын кенинин жарыгын өчүрүшкөн. Тараптардын кагылышуусунан 63 адам жабыркаган.

Ал эми, 31-майда, президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru