Айбат » Текебаев: Өкмөт оюна келгенин оттоп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаев: Өкмөт оюна келгенин оттоп жатат

текебаев“Өкмөт жөн гана былжырап, оюна келгенин оттоп жатат”. Мындай пикирин бүгүн  26-ноябрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун сунуштап жатып “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Текебаев учурда коңшу мамлекеттерде Кыргызстандын 100 миңдеген жарандары иштеп жаткандыгын айтып, бирок азыркы мыйзамдарга ылайык алар Кыргызстанга келгенде айыл чарба жана чарбалык эмес жерлерди алууга, мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салына тургандыгын айтты.

“Алар биздин экономикабыздын өнүгүүсүнө шарт түзүп жатат. Бирок мамлекет колдоо көрсөткөндүн ордуна далысына бычак урууда. Учурда Россиянын жарандыгын алган адамдар Кыргызстандын дагы жараны деп эсептелиниши керек. Анткени аларда Кыргызстандын дагы паспорту бар. Ошондой эле алар Кыргызстандан жер алып, турак жай салууга жана мамлекеттик чоң кызматтарда болбосо дагы, жок дегенде айыл өкмөтү болуп иштегенге мүмкүнчүлүк берилиши керек”,- деди ал.

Ошондой эле депутат, өкмөт бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдиргендигин айтты.

“Алар башка мамлекеттин жарандыгын алган Кыргызстандын мурдагы жарандары мамлекеттик кызматка келсе мамлекеттик сырлар тышка чыгып кетүүсү мүмкүн жана үлүшкө жер алууга уруксат берилип, чек арага жакын жайгашкан жер тилкелери бөлүнүп калса чек арада көйгөйлүү маселелер жаралышы ыктымал деген пикирин айтып жатышат. Өкмөт жөн гана былжырап, оюна келгенин оттоп жатат”,- деди ал.

Жыйынтыгында комитет аталган мыйзамдын долбоорун тармактык комитетке кайра кароого жөнөттү.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru