Айбат » Абактагы «бунттун» артында А.Келдибеков турушу мүмкүн, – Ө.Абдрахманов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Абактагы «бунттун» артында А.Келдибеков турушу мүмкүн, – Ө.Абдрахманов

АбдрахмановАбак жайдагы «бунттун» чыгышы Акматбек Келдибековдун камалышына байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, А.Келдибековдун К.Көлбаев менен жаңы жылды чогуу тосконун айтып чыккандардын бири мен, деп билдирди депутат Өмүрбек Абдрахманов бүгүн, 26-ноябрда айрым интернет-сайттарына берген маегинде.

«Бирок, түрмөдөгүлөр кандай негизде ачкачылык жарыялап жатат, ошону тактап туруп жооп бергенибиз оң. Антпесе экөөбүз уят болуп калабыз», – дейт ал.

Ал эми А.Келдибеков боюнча эл өкүлү: «мен парламенттин Орусиядагы өкүлчүлүгү ачылганда биринчиден каршы чыккам. Аны «туура эмес кылып жатасыңар» деп ачык айткам. Бул ишти көпчүлүк депутаттар да колдогон. Келдибековго бул боюнча коюлган айыптоолорго жеке мен кошулбаймын», – деди Ө.Абрахманов.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru