Айбат » Саруулуктар акимдин жана ОИИБ жетекчисинин суранычы менен жолду убактылуу ачышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Саруулуктар акимдин жана ОИИБ жетекчисинин суранычы менен жолду убактылуу ачышты

Саруу айылына чогулган митингчилер Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоровдун жана Ысык-Көл облустук ИИБнин жетекчиси Эмилбек Сариевдин жеке суранычы менен эртең, 27-ноябрь саат 11:00гө чейин Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун ачышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, митингчилер эгерде өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев саат 11ге чейин келбесе, жолду кайрадан тосушаарын билдиришти.

Эске салсак, бүгүн митингчилер облус жетекчисин жолугушууга чакырып, бирок ал келбей калгандыгына байланыштуу унаа жолду буушкан болчу. Ал эми Э.Каптагаев бүгүн алар менен жолугууга физикалык жактан жетишпей турганын айтып, эртең келээрин билдирген эле.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru