Айбат » Кара-Кечеден каза болгон жаранды укук коргоо органдарынын кызматкерлери ур токмоко алган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кара-Кечеден каза болгон жаранды укук коргоо органдарынын кызматкерлери ур токмоко алган

IMG_2893~1Кара-Кечеден каза болгон Мамбеталиев Айбек укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан ур токмоко алынган деген маалымдады 2-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын Мырзабек атту тургуну кабарлады.

Буга чейин ММКда жарыяланган маалыматтарда белгилүү болгондой Кара-Кече аймагында 1-декабрь күнү Кара-Кечеде болгон жаңжалдан улам 1986-жылы туулган Чаек айылынын тургуну Мамбеталиев Айбек каза болгон.

Бул окуя болгон жерде Айбектин жанында болгон жакын теңтушу Мырзабек төмөндөгүдөй айтып берди:

«Бул окуя 1-декабрь күнү Кара-Кече аймагынын өзүндө болду, биз көмүрдү сүлөшөлү деп баратканбыз Айбектин унаасынын алдыңкы терезеси караңкыланган (тонировка) болчу. Кара-Кеченин кире беришиндеги жол тосумунан укук коргоо кызматкерлери келип, унааңды өтө эле караңкылатып алыпсың деп асылышып пикир келишпестик жаралган. Анан ошол жерден туруп эле унаанын ичине уу затын (наркотик) салып ийишип мына кармалдың сен бул менен алектенет экенсиң деп Айбекти ары ээрчитип кетишти. Кара-Кеченин «Лабой» деген жерине алып барып аны сабашып аны медицианалык жайына алып келип коюшту. Андан соң Кара-Кечедеги болгон «спецназ» тиги буларынын бары Нарынды көздөй качып жөнөштү азыр бардык далилдер райпрокуратурада, ошол медпунктун дарыгерлери да айтышты милициялар алып келип таштап кетишкендигин. Айбектин денесине медэкспертиза жүргүзүлгөн бирок жыйынтыгы чыга электигин райпрокуратура билдирди»- дейт Мырзабек.

Ал кошумчалагандай, «маркум досум Айбектин оң жак капталында бөйрөк тушта, оң колдорунда жана моюнунун арты менен бел жагында көк ала белгилери бар болчу. Тиги жол тосумунан 4 киши алып кетип ур токмоко алып салып атышпайбы. Укук коргоо органдарынын бирөөнүн аты Рустам, калганы Нарын ИИБсинен үчөө. Рустам дегени буга чейин эле мас болуп алып көмүр тарткан унаалардын портторун мынтык менен аткылап унаанын айдоочуларын муунтуп коркутуп жүргөн. Эртең ал унаалардын белгилерин күбө кылып көрсөтөбүз» — деди ал.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru