Айбат » Кара-Кечеден каза болгон жаранды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кара-Кечеден каза болгон жаранды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду (фото)

IMG_2950~1Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында бүгүн 3-декабрь күнү, Кара-Кече аймагынан 1-декабрда ур токмоко алынып каза болгон маркум Мамбеталиев Айбекти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Буга чейин ММКда жарыяланган маалыматтарда белгилүү болгондой Кара-Кече аймагында 1-декабрь күнү Кара-Кечеде болгон жаңжалдан улам 1986-жылы туулган Чаек айылынын тургуну Мамбеталиев Айбек каза болгон. Бул окуя болгон жерде анын теңтуштары жана көмүр кениндеги айрым кызматкерлер жана айдоочулар бул окуяга укук коргоо кызматкерлеринин күнөөлөрү бар экендигин айтып келишет.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен башка айылдаштары, коомдук кызмат адамдары жана тааныш, теңтуш жакындары катышты.

Маркум Айбек Мамбеталиевтин аркасында үйбүлөөсү, жубайы жана 3 кыз 1 эркеги калды. Улуу кызы 5 жашта болсо, кичүү уулу 4 айда, ал эми эгиз кыздары 2 жашка чыккан.

IMG_2947~1 IMG_2995~1 IMG_3006~1



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru