Айбат » Инвестицияларды коргоо боюнча БАЭ менен макулдашуу долбоорун колдошту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Инвестицияларды коргоо боюнча БАЭ менен макулдашуу долбоорун колдошту

К. Самаков

Бүгүн, 4-июнда, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) эки мамлекеттин ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашуу долбоорун колдошту.

 

“27 өлкө менен болгон мындай макулдашууларга кол коюлган. Биз БАЭ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, жогорудагы макулдашууга кол коюлган”, – деп экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди. Комитеттин төрагасы – атамекенчи Карганбек Самаков – депутаттар макулдашууну колдоого даяр экенин белгиледи. “Чет жерлердеги КРдин айрым элчиликтерин тартипке келтириши керек. Кээ бир консул менен элчилерди алмаштыруу зарыл. Инвестиция тартып келе албаган дипломаттардын бизге эмне кереги бар? Начар дипломаттарды да алмаштыруу керек”, – деди Самаков.

 

Депутаттар макулдашуу долбоорун колдошту.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru