Айбат » «Кумтөр» унаанын тартып алынышы жөнүндө айтып берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кумтөр» унаанын тартып алынышы жөнүндө айтып берди

Кумтөр грузовикСаруулуктар «Кумтөр» кенине тиешелүү унааны тартып алып тим болбостон кенге бара жаткан автобусту да артка кайтарган. 28-ноябрда саат 12:30дар чамасында кенге бара жаткан 17 жумушчу отурган унаа белгисиз адамдар тарабынан кармалган. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын маалымат кызматы билдирди. Анда маалымдалгандай, жеңил унаадагы куралчан адамдар кенге караштуу кызматтык унааны Саруу айылынан Чычкан айылына чейин аңдып келип токтоткон. КамАЗда бара жаткан айдоочу менен жүргүнчүнү түшүрүп, аны белгисиз тарапка айдап кеткен. «Бирок, азыркы учурда аталган унаа компанияга кайтарылды» дейт кендин өкүлдөрү. «Бүгүн ушул сыяктуу дагы бир учур катталды. Анда кенге тиешелүү автобус Караколдон чыгып Дархан айылында токтотулган. Аталган унаада жумушчулар ишке бара жаткан. Аны митингчилер жарым сааттай кармап, айдоочусун Каракол шаарына кайтууга мажбурлаган. Бирок, унаа көп өтпөй коё берилген» деп айтылат компания тараткан билдирүүдө.

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru