Айбат » Лейлек районунда жаш мугалимдер жана окуучулар интернет-технологияларын бекер үйрөнүшөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Лейлек районунда жаш мугалимдер жана окуучулар интернет-технологияларын бекер үйрөнүшөт

1238980_620573434648861_485906428_nБаткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында ушул жылдын 6-21-декабрына чейин «Лейлек жаштары» коомдук бирикмеси жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Маалыматтык билим берүү технологиялык борборунун» демилгеси алдында «Сорос Кыргызстан» фондунун каржылоосунда райондогу жаш мугалимдер жана окуучуларга интернет-технологиярын үйрөтүү болот. Бул тууралуу аталган жаштар уюмунун өкүлү Улан Абдимомунов билдирди.

Маалыматка карасак, окуу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун маалыматтык программасы аркылуу колдоо көрсөтүлүп, Лейлек районунун жаш мугалимдерине бир топ этаптары менен «Билим тармагында интернет ресурстарын натыйжалуу колдонуу» аттуу темада тренинг өткөрүлөт.

Бул окуу бекер өткөрүлүп, иш-чаранын багыты коомчулук арасынан жаш, активдүү жана жаңы кесип ээлерин табуу. Эң башкысы алардын азыркы күнүмдүк турмушуна интернет-технологияларына боло турган кызыктарын жана билимдерин ачык коомчулукка жеткизүү болуп саналат.

Тренингге «Маалыматтык билим берүү технологиялык борборунун» демилгеси боюнча астыңкы 10 мектептин методистери, мүдүрлөрү, окуу тармагынын башчылары (завучтар), мугалимдер жана райондун методикалык кеңешинин мүчөлөрү, жаш активисттер, жаш мугалим жана окуучулар тартылат.

Окууда негизги ыкмалар болуп интернет ресурстарын эффективдүү колдонуу жана жаңы интернет технологиялары менен достошуусу менен окуу жабдыктарын, конспектерди, окуу куралдарды түзүүнү, иштетүүнү жана жайылтууну, андан башка интернет технологияларынын арты менен маалымат алмашууну, иликтөөнү үйрөнүшөт. Ошондой эле Google Apps инструменттери аркылуу жаңы баракчаларды ачып, электрондук почталарга ээ боло алышат.

Добоордун башчысы Чыңгыз Тажибаевдин айтымында, азыркы убакытта интернет-технологиясы коомчулукта өтө бат өнүгүү алып, ага боло турчу мүмкүнчүлүктөр коомчулукка өтө керектелип жатканы баарынга белгилүү. «Бул тренингдин өтүшүнүн арты менен көп жаштар күнүмдүк жашоосуна интернет-технологиялары аркылуу иштерин ашырып, ал тургай ачык коом менен тыгыз байланышта болушуна өбөлгө түзүлөт. Бир эле теориялык негизде үйрөнбөстөн, практикалык тажрыйба жагынан да каралган, алар чакан топторго бөлүнүп, алынган теориялык билимдерин практика жүзүндө да ишке ашыра алышат», – деди ал.

Мирбек Асаналиев

313953_441308569242016_399744732_n 1236330_624596394246565_2073668073_n




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru