Айбат » 9 жаштагы баланы зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык саламаттыгы текшерилет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 9 жаштагы баланы зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык саламаттыгы текшерилет

Карамушкина ИринаСаламаттык сактоо министрлиги 9 жашар баланы зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык саламаттыгын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Белгилей кетүүчү жагдай, мурда бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина айткан болчу. «Кызыл-Жар ооруканасы 9 жашар Нурсултанды зордуктаган медресе кызматкеринин психикалык жактан акыл-эси ордунда эместигин аныктады. Медресенин жетекчилиги мындай адамдын балдар менен иштөөсүнө кандайча жол берди? Азыр жабыркаган бала ушунчалык катуу корккондуктан жана психикалык сокку алгандыктан, буту иштебей калды. Андыктан медреселер менен менчик бала бакчалардын иштешин текшерүү боюнча атайын комиссия түзөлү. Комиссиянын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин, Башкы прокуратуранын кызматкерлери, балдар психиатрлары, бардык тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү киришсин», – деген депутат.

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru