Айбат » Депутат түндүк-түштүк альтернативдик жолунун маанилүүлүгүн айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутат түндүк-түштүк альтернативдик жолунун маанилүүлүгүн айтты

Исаев Жусупали28-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында түндүк менен түштүктү байланыштыруучу альтернативдик жолду куруу жөнүндө макулдашуу талкууланып жаткан учурда КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев Кыргызстанда биринчи жолу 2-категориядагы жолду куруу пландалып жаткандыгын айтып, бул макулдашууну колдоо зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, бул жолдун курулушу менен Нарын жана Ысык-Көл облустарын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. “Альтернативдик жол аркылуу Кыргызстандын келечеги ачылат. Өлкөдө буга чейин 2-категориядагы жол болгон эмес. Андыктан бул макулдашууну колдоо керек”,- деди депутат.

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru