Айбат » Кара-Кече аймагында каза болгон Айбектин өлүмүнө шектүү 3 жаран Жумгал РИИБне алынып келинди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Кара-Кече аймагында каза болгон Айбектин өлүмүнө шектүү 3 жаран Жумгал РИИБне алынып келинди

Милиция ЖумгалНарын облусунун Жумгал районунун прокуратурасы 1-декабрда Кара-Кече аймагынан каза болгон Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиевтин өлүмүнө шектүү катары кечээ 3-декабрь күнү Жумгал РИИБсинин убактылуу камоочу жайына 3 жаранды алып келип камашты. Бул тууралуу маалымат райондук прокуратурасынан алынгандыгын жарыялайбыз.

Райондун прокурору Токтобай Кенжекуловтун айтымында, «учурда кечээ шектүү катары алынып келинди. Бирок биздин териштирүү жана иликтөөгө 24 саттык убактыбыз бар. Учурда булар күнөөлү же күнөөлү эмес деп айтуу кыйын, аны мезгил көрсөтөт. Биз азыр бул иш боюнча иштеп жатабыз. Толук маалымат берүү азырынча эрте» — деди ал.

Ал эми райондогу коомдук уюмдун өкүлү Эраш Кумарбеков, «бул ишти 2 күндүн ичинде райпрокуратура карап андан кийин сотко өткөрүп берет. Эгер бул акыйкаттык жолу менен чечилбей дагы да болсо жашырынып кандайдыр бир себептерден улам укук коргоо кызматкерлери ишти жаап-жашырса анда эл тынчыбайт, барар жерине барышат» — деп кошумчалады ал.

Мирбек Асаналиев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru