Айбат » Депутат россиядагы мигранттар өкмөткө нааразы болуп жаткандыгын айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Депутат россиядагы мигранттар өкмөткө нааразы болуп жаткандыгын айтты

мигрант28-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу Россиядагы мигранттар өкмөткө нааразы болуп жаткандыгын айтты. “Алар министрлер келип бирди айтса, орун басарлары келип башка нерсени айтып жатат деген нааразы пикирлерин билдирип жатышат. Ошондой эле алар иш сапарына келген депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү биринчи мигранттар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн толук угуп, андан соң ал мамлекет менен сүйлөшүү жүргүзүшсө натыйжалуу боло тургандыгын айтышууда”,- деди ал. Ошондой эл эл өкүлү мигранттар Саламаттык сактоо министрлигине нааразы болуп жаткандыгын маалымдады. “Алар Россиядагы Кыргызстандын мигранттары үчүн медициналык пункт ачып беребиз деп убада кылып, бирок иш аткарылбаптыр”,- деди ал.

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru