Айбат » Вице-премьер-министр Т.Сарпашев бизнесин текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия менен кызматташууга даяр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Вице-премьер-министр Т.Сарпашев бизнесин текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия менен кызматташууга даяр

Сарпашев Дайырбек«Мен өзүмдүн бизнесимди текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия менен кызматташууга даярмын жана анын жыйынтыгында бул жагдайдагы бардык суроолор аныкталаарына ишенем»,- деп билдирди КР вице-премьер-министри Т.Сарпашев. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди. «Вице-премьер-министр кызматын ээлөө менен мен учурдагы мыйзамдын нормаларына ылайык иш жүргүзүп, «Градиент» компаниясынын түзүүчүлөр курамынан чыкканмын жана учурда ага эч кандай жетекчилик кылуу жана ыкчам башкарууга ээ эмесмин. Мен кечээ бизнес жасоого тиешем боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия менен кызматташууга даярмын. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында менин бизнеске тиешем тууралуу имиштер жана каңырыш кептер биротоло токтойт деп ишенем»- деп билдирди ал.

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru