Айбат » Москвада таңкы бештеги базардагы текшерүүдө полиция 150 жаранды алып кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Москвада таңкы бештеги базардагы текшерүүдө полиция 150 жаранды алып кетти

мигрантыКечээ 28-ноябрь күнү таңкы саат 5те борбор шаардын полициясы Москванын түндүк-чыгышындагы жайгашкан жашылча саткан базарга капыстан кирип келишип, текшерүү жасашты. Таңда ата электе бир нече автобус дүң базардын жанына токтоп, андан түшкөн полиция кызматкерлери базардагы соода кылган чет элдик жарандардын документтерин текшерип башташты деп жазды Интерфакс. Ал эми ИТАР-ТАСС бул текшерүүнүн жыйынтыгында полиция 150г жакын сатуучуну полиция бөлүмдөрүнө алып кеткендигин, алар негизинен Борбор азия республикаларынан келгендер экендигин маалымдады. “Комплекстүү ыкчам-профилактикалык “Заслон-2″ деп аталган операциянын алкагында Москва полициясынын кызматкерлери тарабынан Северный аймагындагы базарда жүргүзүлгөн иш-чарада Москванын Түндүк-Чыгыш округундагы полиция бөлүмдөрүнө 150 жаран жеткирилди”, -деп билдирген ИИМдин шаардык башкармалыктын коомдук тартипти сактоо боюнча 6-бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Юрий Нагорный.

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru