Айбат » Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы: “Өз балдарын” коргоо амалы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы: “Өз балдарын” коргоо амалы…

Келдибеков АхматбекПрезидент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси астында жети баштуу ажыдаарга айланып, бардык тармактарда тамырын жайып алган коррупцияны ооздуктоо жараянынын экинчи барагы ачылды. Туңгуч президенттин убагында Социалдык фонддун жетекчиси, КурСалиевичтин доорунда Салык кызматынын башчысы, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин спикерликке шайланган Акматбек Келдибековдун мамказынага миллиондогон сом зыян келтирип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды делип шектелип, камакка алынышы – “жемейдин кусмайы бар” заман орногонунан кабар берет. Ал эми анын тууган-туушкандары, айылдаштары, дос-тамырлары Бишкекте жана Ошто митинг өткөрүп, Ош-Эркечтам жолун бууп, А.Келдибековду боштондукка чыгаруу талабын коюшу жемсөөлүктү тыптыйпыл кылуу процесси оңойго турбастыгын, айыгышкан күрөштөр алдыда күтүп жатканын айгинеледи.

Акматбек мырзаны колдогон акциялардын өзү бийликти мыйзамсыз кадамдарды жасоого түрткөнүн айта кетели. Мисалы, “Акматбек Келдибекович биздин уулубуз, аны бошоткула!” дешет. Коё бербесе радикалдык кадамдарды жасоодон да кайра тартпастыгын эскертишти. Ал эми мыйзам боюнча атуулдардын күнөөсү-бар жогун сот гана аныктайт: күнөөсү болсо жазасын алат, болбосо акталып чыгат. А сотторго кысым көрсөтүүгө эч кимдин укугу жок. Ошондой эле кан жолду бууп, карапайым калктын каттамын чектеши мыйзамга караманча каршы келерин билимдүү адамдар жакшы билишет.

Акматбек Келдибекович жана анын жубайы Аида Токтоматовага катталган “хансарайлар”, элиталык квартиралар, 100 миңдеген долларды чапчыган машинелер, 100-300 миң долларлык коттедждер, деги койчу сан жеткис мүлктөрдүн мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан тастыкталганы “ата журтчунун” өлкө казынасын өз капчыгындай пайдаланганын далилдейт. Себеп дегенде, Келдибековдун өзү, Аида айым өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалашкан. Расмий бизнес булактары жок. “Өмүр бою айлыктан айлык күтүп жашаган адам мынча байлыкты кантип жыйнады?” деген суроонун жаралганынын себеби ушунда жатат.

Эл өкүлүнүн жакындары, жердештери деле ага коюлган айыптарда негиз бардыгын сезип турушат. Бирок, баягы эле “өз балабызды коргоп калышыбыз керек” деген чолок түшүнүктөн өйдө көтөрүлө албай, кысым көрсөтүү аркылуу “кулунун” бошотуп алууга жан далбас кылышууда. Мына ушул жерден: “Президент коррупцияга каршы күрөшүү үчүн эрктүүлүгүн көрсөттү. Аны колдоого коомчулук даярбы?” деген суроо жаралат. Эгер өнүгүүнү, тазаланууну кааласак, анда өлкө башчысынын саясатын колдоп, керек болсо ага көмөктөшүп, “жеңилин жерден, оорун колдон алышыбыз” абзел. Болбой эле айылдашыбызды, жакындарыбызды жактап, жол тосо берсек, бир адамдын колунан коррупциянын тамырын кыркуу келеби? Албетте, жок.

А.Келдибековдун жактоочуларынын логикасын караңыз: “Жалгыз эле Келдибеков ууру бекен? Эмнеге башкасын камабайсыңар?”. Кызык, эгер Келдибековдун “жегичтиги” далилденип турса, эмнеге аны кылтакка илбеши керек? Же А.Келдибеков башкалардан өзгөчөлөнүп “жегенби”?

Мындай позицияны “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев дагы тутунат. Ал “Азаттык” радиосуна курган маегинде, күрөштү коомчулук колдошу керектигин баса белгилеген. «Чоңдордун бардыгы эле айлыкка жашабайт. Жебеген жердин алдында. Бирок эмне үчүн биздин баладан баштайсың? Башкалардан баштабайсыңбы?» деген пикирлер негизги аргумент болуп отурат. Эртеби-кечпи коррупцияга каршы күрөш кимдир-бирөөдөн башталышы керек. Коррупционерлер бири-бири менен күрөшө турган деңгээлге жетишибиз керек. Негизи азыркы учурда көп эле чиновниктерди камаса болот. Бирок, алардын күнөөлөрүн далилдеш кыйын. 1930-жылдары Америкада да Аль Капоне деген мафиянын башчысы болгон. Анын мафиянын башчысы экендигин элдин баары эле билген, бирок эч кармай алышкан эмес. Анан аргалары кеткенде салык төлөбөй койду деген шылтоо менен кармашкан. Ошол эле сыяктуу бизде коррупционерлердин күнөөсүн далилдей албайсың” деген Текебаев президент эрктүүлүгүн далилдегенин, эми аны өкмөт, парламент колдошу керектигин кошумчалаган.

Жакынкы аралыкта парламенттеги айрым депутаттар, жоон топ аткаминерлерге карата кылмыш иши козголушу ыктымалдыгы эл арасында кызуу талкуу жаратты. Эгер алар дагы абакка отургузулса, алардын дагы туугандары, айылдаштары: “Биздин уулубузду бошот. Болбосо жер-жерлерде элдик бийлик орнотобуз!” деп талап койсо эмне кылабыз? Мындай мыйзамсыздыкка, өзүм билемдикке акыры чекит коюлушу абзел. Дагы бир жолу кайталайлы, эгер өлкөнү дүркүрөтүп өстүрүп, элибиздин турмушун оңдоп, жемсөөлүктү тыялы десек, президенттин демилгесин колдоп, ага көмөктөшүшүбүз керек. Бизде андан бөлөк жол да жок, албетте, Кыргызстаныбыздын келечегин ойлосок…

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru