Айбат » Миң-Куш айыл өкмөтү айылдагы майыптарга жардам көрсөтүштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Миң-Куш айыл өкмөтү айылдагы майыптарга жардам көрсөтүштү

Миң-КушНарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү майыптар күнүнө карата айылдагы 32 майыптына ар бирине 500 сомдон жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Рысалиев Дамира билдирди.

Анын берген маалыматына карасак, биринчи топтогу жана бала кезинен майыптарга жардам айыл өкмөттүн кирешесинен берилген. Бул сунуш Миң-Куш айыл аймагына жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысынын сунушу болгон. Андан тышкары айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдар берилип жаткандыгын айтты.

«Жылына эле биздин аймактан көмүр өндүрүп жатышкан көмүр ишканалары айылдын бардык жарандарына арзан баада көмүр берип келет. Ошондой эле 21 аянтчага түтүнмө түтүн бекер көмүр берсек, калганына аз камсыз жана көп балалууларга да жардамдар көрсөтүлдү» — деди Д.Рысалиева.

Мирбек Асаналиев




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru