Айбат » Оппозиция бир коррупционер Келдибековду коргоп калыш үчүн кыргызстанга согуш ачууга даяр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозиция бир коррупционер Келдибековду коргоп калыш үчүн кыргызстанга согуш ачууга даяр

Ташиев КамчыАлай районунун тургундары кечээ маалымат жыйын өткөрүшүп, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушканын билдиришти.

Алардын айтымында, Келдибековду үй камагына чыгарышпаса, төңкөрүш жасашып, согуш башташат экен. “Алгач Ош менен Жалал-Абаддын обладминистрацияларын күч менен басып алып, түштүктөгү үч областты башкарууга алып, андан соң Бишкекке келип, бийликти басып алабыз. Биздин талаптарды укпасаңар, мамлекетти көңтөрөбүз!” деп коркуткандарын бүт Кыргызстан укту.

Айланайын калайык журт! Мамлекеттин, кемпир-чалдар, багар-көрөрү жок балдардын акчасын жеген жалгыз бир коррупционерди коргоп, Кыргызстанга от жаккысы келген булардыкы туурабы?

Келдибековдун камалышын Алайдан башка аймактар оң маанайда кабыл алышып, коррупцияга каршы күрөштү колдоп атышпайбы? Анда эмне, бир Алай бүткүл өлкөгө каршы турабы? Же булардын артында айдактаган оппозиция имиштер түндүк-түштүк кылып бир элди бири-бирине каршы коюп согуштурганы жатабы?

Кеч боло электе “тормозду” басып, бул сыяктуу билдирүүлөрдү жасаардан мурда кичине ойлонуп туруп иш кылалы, мекендештер. Келдибековдун туугандары согуш ачабыз десе башка эл андан коркуп калбайт, биринчиден.

Экинчиден, жалгыз бир Келдибеков үчүн бүткүл Кыргызстанды курмандыкка чалабыз дегениңер таптакыр терс, туура эмес иш. Келдибеков саясый туткун эмес, коррупционер болгону үчүн камалганын дагы бир жолу эскертип коелу. Же Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова чемодан акчасын Ошко жеткирип, дежурларды сүйлөтүп, мунусу менен бүт Кыргызстанды чөгөлөтөм деген убадасын аткарууга белсендиби?

Мындан тышкары, аталган маалымат жыйындын катышуучулары Саруудагы митингдерди колдой тургандыктарын жана алардын талаптары туура экенин айтышты.

Демек, бул эки аймакты байланыштырып тургандар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков экени түшүнүктүү болду. Анткени буга чейин маалымат каражаттары саруулуктарды айдактагандар деп Садыр менен Акматты жазып чыгышкан.

Бакыт БЕКТУРОВ

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru