Айбат » Профессор Кацевден сонун сунуш…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Профессор Кацевден сонун сунуш…

Кацев АлександрБерекеси жок, кандайдыр бир болбогон “жок” сөзүн колдонсоң анын жашыруун мааниси тымызын жаралат. Мындай көрүнүш кайталанган КМШдагы мамлекеттердин парламентинде айрым нерселер оңунан чыкпай калды. Бирде Орусиянын Думасы, бирде Кыргызстандын Жогорку Кеңеши, бирде Украинанын Радасы дегендей. Кайсы тарабыңды караба, билимсиздер үчүн көптөгөн аналогиялык түзүлөт. Ал эми “жок” деген сөзү менен баардык маселе чечилчүдөй. Кандайдыр бир жарнама же жөн эле тактада “бул жерде мыйзам жок” деген маалымдама болсо, арызданууга мүмкүн эмес.

Көркөм адабиятта баарын кездештирсе болот. Буга мисал катары “Алиса в зазеркалье” жомогун алсак болот. Аталган жомокту карасаң, биздин коомдогу ордубуз ачык эле көрүнүп турат.

Парламенттин бир “баатырынын” зынданга түшүшүн көпчүлүк “элдин кызыкчылыгы үчүн жабыркап атат” деп түшүнүп алды. Ушундайлардын бирин отургузсаң көпчүлүк эл көтөрүлүп, ар кандай басымдарды жасоодо. Нааразычылыкка чыккандарды деле түшүнсө болот. Анткени, алар тууганын коргоп, анын камалышын саясатташтырууга аракет кылат.

Эл өкүлдөрү, буга чейин айрым органдар менен касташууга, алар менен кыл чайнашууга болбостугун айтып келсе, эми өздөрү “күрөшкө” аттанып отурат. Айрымдары кесиптештерин жоопкерчиликтен сактап калуу үчүн бар күчүн жумшап жатат. Алардын мындай пикирде болушуна эмне мажбурлоодо?  Балким, “кийинкиси мен болуп калбайын” деген чочулоо түйшөлтүп жаткандыр. Анда эл өкүлү үчүн канча партиялаштарынан абактын даамын татканын кылдаттык менен эсептеп чыгууга туура келет.

Кылмыш кодексине саясий беренени кандай гана убакыт болбосун киргизип коюуга болот. Анда уурулар диссидентке айланып, өз саламаттыгын келечек муунга шылтап коюшу мүмкүн.

Биз бир катар пункттан турган сунуш менен президентке кайрылабыз:

а) Эл өкүлдөрүнүн айлык маяналарын кыскартып, аларга карата жеңилдиктерди азайтуу керек. Ошондо гана парламентке мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күйгөн адамдар келет.

«Ууру миллионерлер” бийликке келсе, сөзсүз коррупция болот. Ошондуктан, депутат болуп байлык топтоо мүмкүнчүлүктөрүн кыскартуу керек.

б) Президенттин мөөнөтүн чектегендей эле конкреттүү адамдардын же партиялардын парламенттик шайлоолорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышына шайланган партия үчүн жетишет. Андан кийинки шайлоолорго катышпай эле койсо болот. Андан сырткары, алардын пенсияларын да врач, мугалимдердики сыяктуу эле чектеп койгон оң.

в) Алар мамлекеттик кызматта иштеп турганда бир туугандарын жана жубайын жетекчилик кызматтарга көтөрбөш керек. Балдары деле жергиликтүү окуу жайларда билим алуусу зарыл.

Ошондо гана “журналисттерди чөгөлөтөм” деген сөздөр азаят. Мандат тагынган “азаматтар” артын ойлоп, элди курал катары каалагандай колдонуудан чочулап, терең ойлонуп калат.

Александр Кацев, профессор

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru