Айбат » Өз аялын жашырган, бир жылда «миллионер» болгон, мамлекеттин казынасын «какшыткан» Келдибеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өз аялын жашырган, бир жылда «миллионер» болгон, мамлекеттин казынасын «какшыткан» Келдибеков

Токтоматова Аида«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт кыргызда. Анын сыңарындай, убагында мартабалуу кызматына таянып, Кыргызстаныбызды сүлүк курттай соруп, эсепсиз байлык жыйнаган «эр-азаматтар» «жегендерин» аш кыла албай, «кусмайга» өтүштү. Президент Алмазбек Атамбаев эрктүүлүгүн көрсөтпөгөндө олигарх-аткаминерлер тымпыйып жүрө беришмек, «кусмак» түгүл күчтөнүшүп, арааны ачылмак. Демек, коррупцияга каршы күрөшүүдө президенттин салымы зор. Тилекке каршы, «уурулугу» билинип, темир торго тыгылган эргулдарыбыз туугандарын, айылдаш, куда-сөөктөрүн көчөгө жетелеп чыгып, өздөрүн актоого жандалбас урушууда. «Коомчулук «каргадай болгон балабызга тийбе» позициясында тура берсе, жемсөөлүктү ооздуктоо жалгыз президенттин колунан келеби?» деп ойлонгон жоктой. Баарынан дагы криминалдык элементтерди пайдалангандарына эмне дейсиң? Мунусу жетишпей жаткансып, абакта отуруп алып парламенттеги кесиптештерине, элге кайрылуу жасап, өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, «ууру тойгончо жеп, өлөрчө карганат» болгондоручу. Мындай көрүнүшкө Акматбек Келдибековдун окуясынан улам туш келдик.

Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип, өлкө казынасына он миллиондогон сом зыян келтирди делип абакка отургузулган Келдибеков маалымат каражаттары аркылуу таркаткан кайрылуусунда саясый ишмердүүлүгүнөн улам ушинтип ак жеринен күйүп, түрмөдө күн кечирип жатканын айтып көз жашы кылыптыр. Ал көзөмөлдөөчү орган койгон үч айыптоого жооп кайтарып, бирөөсүн дагы мойнуна алмак эмес. «Менин уурулугум ашкереленгенине өкүнүп турам» деп катачылыгын моюндаганга духу жетпеси турган иш. Бирок, актанганга жараша конкреттүү контраргументтерди келтирсе куп жарашмак. Мисалы, ал ЖК төрагалыгын аркалаган мезгилде парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачканын мыйзамдуу деп эсептейт экен. Бирок, өкүлчүлүктү ачуу үчүн алгач тийиштүү комитеттерден уруксат алуу керектигин Келдибеков билбейт беле? Муну ал жакшы билген. Ал турсун, Коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков убагында мындай чечим туура болбой калганын, өзүнүн комитетинен өтпөгөнүн айтканын жарыялады. Ошондой эле депутаттар добуш берген токтом иш жүзүндө өзгөрүлүп, өкүлчүлүктүн штаты эселеп жогорулаганын Башкы прокуратура далилдеген. Мындан сырткары, өкүлчүлүктө эмгектенгендердин айлык акысы 100 миң сомдон өйдө болуп (өкүлчүлүктө иштегендер коомдук башталышта иштеп, сокур тыйын албашы керек), анын кесепетинен мамбюджет 20 млн. сом зыянга учураган. Мына ушуну Акматбек Келдибекович кантип танат?

А.Келдибеков Курманбек Бакиевдин доорунда мамлекеттик салык комитетин жетектегени белгилүү. Ошондо «Бизнес-Партнер» компаниясын жалдап, «Дордой плаза» соода борбору, Аламүдүн базарынан салык чогулттуруп турган. Кайрадан мыйзам тилинде сүйлөйлү: мамлекеттик салык кызматынын жеке менчик компанияга салык чогултуу милдетин жүктөгөнгө укугу жок. Бул мыйзам бузууга жатат. Анын үстүнө, «Бизнес-Партнердун» «ишмердүүлүгү» өлкө казынасына 2 млн. 316 миң сомдук «пайда» алып келген. Мыйзамсыз иш жасаганы аз келгенсип, мамбюджетти саан уйдай сааган Келдибеков эми карганып, «Бизнес-Партнер» укмуш иштеген дегени дени-карды соо адамдын айтар кебиби?

Акматбек мырзанын «жемей» өнөрү Акаев заманында эле башталганын Башкы прокуратура конкреттүү фактылар менен бекемдеди. Ал 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы кезинде жалпысынан 21 млн. сомдон ашуун каражатты сол чөнтөккө сологонун көзөмөлдөөчү органдын маалыматынан табасын. 21 млн. сомду «сиңирүүгө» «Ротак-Бишкек» компаниясы тикелей аралашкан. Төрага катары тендер өткөргөндүн ордуна, жеке тандоосу менен «Ротак-Бишкекке» бланкаларды даярдоого заказ берген. Себеби эмнеде? Себеби аталган фирманын 37,5 үлүшү өмүрлүк жайы Аида Токтоматовага таандык экенинде. Мына сага, үй-бүлөлүк бизнестин классикалык формасы! А.Келдибеков «Ротак-Бишкек» жубайына таандык экенин, ошон үчүн аны канатына калкалаганын кайрылуусунда айтпайт. Болгону: «Социалдык фонд менен «Ротак-Бишкек» ортосунда түзүлгөн келишимге ошол учурдагы Өкмөткө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мамлекеттик комиссиянын 2005-жылдын 4-январындагы чечими менен уруксат берилген. Бирок, 2008-жылы ушул келишимдин негизинде ашыкча сарптоолор боюнча Эсептөө палатасынын акты түзүлүп (2009-ж.15-майында), Финансы полициясы иш козгоп, фирма тарабынан ашыкча сарпталган 2 млн. сомдой каражат төлөнгөндөн кийин кылмыш иши толугу менен жабылган» деп элдин башын маң кылуу менен чектелген.

Абактагы депутаттын каратып туруп таңмайды мыкты өздөштүргөнүн бир факты аркылуу далилдейли. Кайрылууда 1990-1994-жылы эч жерде иштебей, 2007-2008-жылдары жеке бизнес менен алектенгенин баяндап: «Мына ушул аралыкта кабат-кабат «хансарайларды», элиталык квартираларды, брондолгон машинелерди, Ысык-Көлдүн жээгинен пансионат, 13 коттедж, квартираларды, жер тилкелерин, борбор калаадан сауналарды сатып алганбыз» дегендей ойдун башын чыгарыптыр. Бизнес менен шуулданган күндө деле бир жылдын ичинде мынча байлык топтоо мүмкүн эмес. Анын үстүнө, А.Келдибеков бизнестин кайсы түрү менен шуулданганын, компаниясынын атын жана өлкө бюджетине канча салык төлөгөнүн так айта албайт. Демек, анын расмий бизнеси жок. Анда Башкы прокуратуранын дооматтары негиздүүбү? Албетте бул суроого сот гана жооп бере алат.

Акматбек Келдибековичке айтар сунушубуз бар. Эгер өзүңүздүн актыгыңызга ишенсеңиз, эмнеге минтип актанасыз? Жактоочуларыңызды, чоң эне, чоң аталарды карыганда кыйнап, сууктун күнүндө көчөгө сүйрөп, жол буудурбай, укугуңузду мыйзам чегинде коргобойсузбу? Же жалгыз сиздин айыңыздан элибиз жабыр тартышы керекпи?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru