Айбат » Аркадий Дубнов: “Келдибековдун кармалышы кырдаалды курчута албайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аркадий Дубнов: “Келдибековдун кармалышы кырдаалды курчута албайт”

Дубнов Аркадий- Оппозициялык «Ата-Журт» фракциянын мүчөсү Акматбек Келдибековдун кармалышы Кыргызстандагы кырдаалга кандай таасир этет деп ойлойсуз?

– Мен Келдибеков оппозициялык фракцияда болгонуна карабастан өзүн оппозиционермин деп атаганга укуктуу деп ишене албайм. Ал парламенттин мурдагы спикери, жогорку баскычтагы чиновник, Россияда мындайларды «А» категориясындагы чиновник деп айтышат. Эгерде аны коррупция боюнча өтө олуттуу айыптоолор менен кармашса, анда ал оппозициянын сары изине чөп салуу эмес, коррупциядагы өтө ашынган учурларга чабуул жасоо, бул сферада тартипке салуу аракети болуп эсептелет. Ал эми кырдаалдын коопсуздугу жана өлкөдө кырдаал боюнча эмне айта алабыз? «Кумтөрдүн» айланасында болуп өткөн окуяларга салыштырмалуу бул өтө деле кырдаалды курчутуучу себеп эмес. Алай районунда жолду тоскону жатышат деген маалыматтар бул жердештеринин кадимкисиндей эле жердешчилик реакциясы. Мен бул кыймылдар узакка созулат деп ойлобойм.

Бүгүн мен депутаттардын бирөөсүнүн билдирүүсүн көрдүм. Ал толук кандуу акыл-эстүүлүк менен жасалган билдирүү. Ал «өзүн-өзү атпоого» – өздөрүнө өздөрү жолтоо болбоого, жолду тосуп социалдык климатты төмөндөтпөөгө, товарлар менен камсыз болууда көйгөй түзбөөгө чакырган. Менин оюмча ушундай акыл-эстүү чакырыктар элита арасында да, карапайым эл арасында да жакшы түшүнүк жаратат. Алар мындай жолдор менен акыйкаттуулукка жете албастыктарын түшүнүшөт. Соттук иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын күтүш керек.

Менин оюмча Кыргызстандагы эң башкы көйгөй ишти соттук өкүм менен чыга турган соттук иликтөөлөргө жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Менин билишимче Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 2010-жылдын апрель окуялары боюнча сот иштери жүрүп жатат. Менин оюмча Келдибековдун иши эртерээк бүткөнгө бардык жагдайлары бар.

- Сиздин оюңузча «Ата-Журт» партиясынын кезектеги мүчөсүнүн кармалышы жаз айларындагы өлкө кырдаалына саясый сезонго таасирин тийгизбейби? Анткени азыркы тапта оппозиция «Бийлик тандап-тандап камап жатат, жалаң гана оппозициялык партиялардын мүчөлөрүн» деп жатышат.

– Аягынан баштайлы. Кыргызстан бул ар бир жаз жана күз айларында ар кандай толкундоолор болуп тура турган өлкө. Кимдир-бирөөнүн камалышы, же даг кайсы бир нерселер кезектеги толкундоолорго себеп болуп турат. Эгерде «Ата-Журт» партиясынын мүчөлөрү өтө кату, резонанстуу жана ызы-чуулуу билдирүү, окуялардын баатырлары болуп жатса эмне кылыш керек? Ошол эле Ташиев жумушуна тосмо аркылуу секирип барды, артынан жоон топ адамдарды ээрчитип алып. Ал өтө ачык эмес соттук аракеттердин ишине жараша гана эркиндикте калды. Менин оюмча бул боюнча Ташиев нааразычылык айтпаса да болот. «КСДП», же «Ар-Намыс» партияларынан ушундай кылмыштарга айыпталып жана Келдибековго көрүлүп жаткан чаралар колдонулбай жаткандарды атап көрөлүчү. Мүмкүн мен билбейттирмин, бирок мен андайлардын атын атай албайм.

- Бирок, камалган эл өкүлүнүн тарапташтары «Келдибековду камоого анын «Кыргызгазды» «Газпромго» сатууга каршы чыккан позициясы себеп болду» деп айтышууда?..

– Бул ойго келбеген, ишендире албай турган пикир. Анткени кайсы бир фракциянын депутаты, макул таасирдүүсү болсо дагы, кайсы бир маселе боюнча расмий позицияга каршы пикирин билдиргени үчүн камап коюу бул олуттуулук болбой калат.

 Булак: «Азаттык» радиосу

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru