Айбат » Менчиктештирүүнүн «атасы» Жээнбеков шыйрагыбызды жагызып, Келдибековдун таз кейпин киеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Менчиктештирүүнүн «атасы» Жээнбеков шыйрагыбызды жагызып, Келдибековдун таз кейпин киеби?

Жээнбеков РавшанБарган жеринен чуу чыгармайынча жөн жүрбөгөн, сакадай бою сары алтын Равшан Жээнбеков аттуу депутат бар. Өзүн эркин депутат эсептегендиктен көбүнчө популизмге жетеленип, оозуна келгенин «оттоп», элге жакшы көрүнгүсү келе берет. Мындай адатын 27-ноябрда парламент жыйынында да карматып, «Кыргызгаздын» россиялык «Газпром» ишканасына сатылышына каршы пикирин билдирип, ишкананы сатсак эле Россияга көзкаранды болуп калабыз деп «көз жашын көлдөттү» түгөнгүрдүкү. «Кыргызгазды» сатпай эле газ көйгөйүн минтип чечсек болот» деп конкреттүү сунушун айткандын ордуна, бул үчүн азыркы өкмөткө, парламентке «позор» деди. «Бүгүнкү бийлик бардыгын Акаев менен Бакиевге шылтай берет. Минте берсек орустарга чөгөлөп калабыз» дегендей «позорлоп» «боздосо», жанына адам чыдап тура алчудай эмес. Бирок, эл өкүлдөрү Жээнбековдун бал тилине азгырылган жок, элибиз кышында көгүлтүр отунсуз калбай, шыйрагын жакпай, жылуу жумшак тамагын ичиши үчүн макулдашууну биринчи окууда колдоп беришти. Депутаттар Жээнбековдой болуп курулай популизмге алдырып, элдин башын айландырган жок. Анда Равшан Бабырбековичтин «ботодой боздогонунун» себеби эмне? Чечмелеп көрөлү. АКШнын демократиясына сугарылып, Американы оозунан түшүрбөй, Батыштан келген «заказдарды» аткарып көнгөн Жээнбеков Акаевдин убагында мамлекеттик мүлк фондун жетектегенин билебиз. Ошондо бала бакчаларды, Көл жээгиндеги пансионаттарды ит бекер пулдап, өзүнүн да, апчеси Майрам Акаеванын да капчыгын толтурганын тар чөйрөдө шыпшынып айтып жүрүшөт. Менчиктештирүүнүн «атасын» таанытып, мамлекеттин байлыгын уурдап-тоногондор четинен кармалып, сурак бере башташты. Өзү дагы жакынкы аралыкта сот жообуна тартылып калганын жүрөгү сезип калганбы, айтор, Акматбек Келдибековчосунан «Кыргызгазга» чап кенедей жабышып, саясый упай топтой баштады. «Мен «Кыргызгаздын» сатылышына каршы чыксам, мага кылмыш ишин козгоп салышты» деп актанганга жакшы эмеспи.

«Жемейдин кусмайы, алмайдын бермейи бар» дейт элибизде. Анын сыңарындай, Равшан мырза көп эле чебелектеп, өзүн акташ үчүн «беш өрдөгүн учуруп», коомчулукту дүрбөлөңгө сала бербей, мыйзам алкагында күрөш жүргүзгөнү оң болор…

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru