Айбат » Равшан Жээнбеков өткөнү үчүн жооп бергиси келбейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбеков өткөнү үчүн жооп бергиси келбейби?

Жээнбеков Равшан“Азаттык” радиосунун 25-ноябрындагы “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө коррупция менен күрөштүн тегерегинде талкуу жүрдү. Эркин депутат Равшан Жээнбеков жемсөөлүктү ооздуктоо жараяны – бийликтин атаандаштарын сындыруу аракети деп баалады. Анын жоромол-дөдөмөлүнө караганда, өткөн былык иштерин үчүн жооп бербей, коррупцияны жоюу бүгүнтөн, жаңы барактан башталышы зарылдыгын билдирди.

Равшан Бабырбековичтин айтымында, азыркы бийлик атаандаштарын темир торго тыгып жаткан имиш. Ал Нариман Түлеевди мисал келтирди. “Нариман Түлеев Курманбек Бакиевдин, Аскар Акаевдин убагында эмгектенген. Ал эми экөө тең бүгүнкү бийликтин оппоненти. Акматбек Келдибеков дагы өткөн эки президенттин тушунда эмгектенген. Бүгүнкү бийлик аларды жазалоо аркылуу өткөн режимден өч алып жатышат” деген Жээнбековдун жоромолу дегеле акыл-эске сыйбайт. Ошондой эле коррупция менен күрөштү өткөндөн эмес, жаңы барактан баштоо керек дегени эмнеси? Акаев, Бакиевдин заманында элдин жонунан кайыш тилип, баштан ашкан байлык чогулткандар кечирилип, эмки “жегичтер” гана жегенин кусушу керек” дегени Равшан мырзанын өзүн өзү актоо аракети катары бааласак жаңылышпайбыз. Себеби, эркин депутат Акаевдин убагында мамлекеттик мүлк фондун жетектеген кезинде олигархка айланып, пансионаттарды менчиктештирип алып, бала бакчаларды текейден арзан саттырганы гезит беттеринде жазыла берип ашмалтайы чыгып бүткөнсүдү. Эртеңки күнү мыйзамсыз саткандары үчүн жооп берерин туюп, ушинтип өзүнүн кара башын арачалап калгысы келгендей. Бирок, “кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, кандай гана былык иштер жасалбасын, бардыгы акыр бир күн айгине болот. Мына ошондо сот алдында жооп берчү мезгил келерин учурда акылдуусунуп, элге “дарс” окуп жүргөн Жээнбеков эсинен чыгарбаганы оң…

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru