Айбат » Акжолтой Базаров: “Сотторду эл шайлап, аны президент бекитсе болмок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акжолтой Базаров: “Сотторду эл шайлап, аны президент бекитсе болмок”

1Окурмандарга ар дайым укуктук көйгөйлөр боюнча укуктук кеңештерин берип келе жаткан юрист Акжолтой Базаровду мамлекетибиздеги социалдык жана башка көйгөйлөр тууралу жана ошондой эле жалпы эле жашоо жөнүндө жеке ой пикирин билүү үчүн бул ирет жөн гана жаран катары маек курдук.

- Акжолтой  мырза, алгач маектешүүнү өзүңүздөн баштасак? 

– Мен 1980-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында туулгам. Атам мугалим болчу. Апам болсо дарыгер болуп эмгектенет.  Алгачкы жана орто билимди Кочкор айылындан алып бүтүргөм. Жогорку билимди Бишкек шаарынан алгам. Үй бүлөлүүмүн. Азыркы тапта юрист болуп эмгектенем.

- Юрист болууңузга эмне түрткү болду? Айтайын дегеним юристтер абдан көп жана жумуш таба албай жүрүшпөйбү?

– Биринчи жогорку билимим чет тилдер жана адабияты. Экинчи жогорку билимим болсо жогорку юридикалык билим. Чет тилдер факультетинде окуп жүргөндө эле окутуучулардын, кафедра башчыларынын студенттерге кылган адилетсиздик мамилелерин терс кабыл алчумун. Башкача айтканда, студенттердин стипендияларын өз убагында бербей койгон, китептерди кыйнап акчага сатуу жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөгү нерселер жасалчу.  Бирок өзүң дагы студент болгондон кийин эч нерсе кыла албай калчумун жана ошол эле учурда алардын укуктарын коргогум келчү. Ошондон улам юрист кесиптигин дагы аркалап калдым.

2- Кочкордогу көйгөйлөр жана укуктук мыйзамдар  туурасында бир топ маселелерди козгоп жүрөсүз. Кочкор районунда дагы кандай маанилүү көйгөйлөр бар?

– Кочкор районунда чечүүнү талап кылган маанилүү көйгөйлөр көп. Менин пикирим боюнча биринчи кезекте Кочкор районунун башка коңшу райондор менен болгон жайыттардын чек араларын тактап чечип алуусу абзел. Ал эми, элдерди жашоо шартын жогорулатуу үчүн ортодогу кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүүдө адилеттик менен берүү зарыл. Ошол эле учурда социалдык жактан корголбогон, кембагалдарга дагы жерлерди түз бериш керек. Мындан сырткары, Кочкор районунун борбору болгон Кочкор айылындагы көрүстөн үчүн жер аянттын жана таштандыларды төгүү үчүн жер аянты аныкталып чечилсе көп эле пайдалуу болмок.

- Сот реформасы жүрүп жатат. Президентибиз Алмазбек Атамбаев 18 соттун талапкерлигин жактырбай кайтарып салды. Андан сырткары сотторду тандоо кеңешин дагы таркатып салды. Сиз юрист катары айтсаңыз сотторду кандай кылып дайындоо керек?

– Сотторду эл шайлап, аны  Президент бекитсе жакшы болмок. Себеби эл сотторду шайлаганда адилеттүү, чынчыл, таза адамдарды шайлашмак. Азыркы сотторду тандап жаткан комиссияда болгону ашып кетсе 18 адам турат.  18 эмес 30 адам болсун бирок 30 адам шайланып жаткан талапкерлерге туура баа беришине ким кепилдик берет? Ошондуктан эл шайласа жакшы болмок. Мисалы, АКШнын  кээ бир штаттарында сотторду эл шайлайт. Шайланган соттордун иштөө мөөнөтү бүткөндөн соң кайрадан шайлоо болот. Мындай практика Союз учурунда деле болчу.

Маектешкен Жыргал Бердибеков

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru