Айбат » Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов отставкага кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов отставкага кетти

Иса ОмуркуловИса Өмүркулов өзүнүн мындай арызын бүгүн, 4-декабрда ММК өкүлдөрү менен атайын уюштурулган жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул ойлонулган чечим. «Сиздер мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм», – деди ал.

«Сиздерге белгилүү болгондой, мен бул кызматка апрель окуясынан кийин келгем. Эсиңиздерде болсо, ошол кезде абал кандай эле: бардыгы күйүп, шаардын мүлктөрүнө чоң жоготуу алып келген, нан сатылбай калган, балдар мектепке бара албай калышкан. Мен өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө чын дилимден иштөөгө аракет кылдым», – дейт ал.

И.Өмүркулов белгилегендей, ал үчүн бул 3 жыл аралык көз ачып-жумгандай эле болду, бирок көп нерселер жасалды. «Биз жер басып алууларды, мыйзамсыз курулуштарды токтоттук, жаңы конуштарда үйлөрдү инвентаризациялоо жүргүздүк. Ошондой эле шаардык базарларды тартипке келтирип, жашыруун соода-сатыктарды токтоттук. Бул үчүн күчтүү эрк жана талыкпас күч керек эле. Ага каршы митингдер болду, бирок биз ага карабай бул тармактын бардыгын иретке келтирдик», – деп белгиледи Өмүркулов.

Анын айтуусу боюнча, жаңы конуштардын инфраструктуралык маселелери чечилди, Бишкекте 188 чакырым жол оңдолду, шаардык театрлар ачылып жатат. Мадания жана спорт тармактарында бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө. Көптөгөн балдар аянттары курулду. Шаар толугу менен суу менен камсыз болду.

«Көп эле иштер жасалды, бирок албетте кемчиликтер да болду. Эгерде Бишкек шаарын жакшыртууга жетишпей калсам, жарандардан кечирим сурайм деди оз созундо И.Омуркулов..



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru