Айбат » “Кылым шамы” укук борбору: Келдибековдун тарапташтарынын билдирүүлөрү – бул антиконституциялык чакырык

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Кылым шамы” укук борбору: Келдибековдун тарапташтарынын билдирүүлөрү – бул антиконституциялык чакырык

Кылым шамыБийлик Акматбек Келдибековдун митингге чыгып жаткан тарапташтары менен сүйлөшүүгө барышы керек, деп “Кылым шамы” укуктук борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, өткөнкү эки президенттин митингчилерге чыкпай койгондору алардын кетирген катачылыгы болгон.

«Кыргыз эли өзүнүн мүнөзүнө жараша дайым сүйлөшүү жолу менен бир пикирге келген. Келдибековдун жактоочулары бүгүн айтып жаткандары – бул антиконституциялык чакырык. Алар мындай кадамдарга барбайт деген үмүттөмүн, анткени Кыргызстан укуктук бийликке кайтып келе атат, – деди ал.

Ошондой эле укук коргоочу учурдагы абалда көп нерсе Келдибековдун өзүнөн көз каранды экенин айтты. “Ал өзүнүн тарапташтарын мыйзамды бузбоого чакырышы керек. Ал эми бийлик болсо сүйлөшүүлөргө барышы керек. Анткени парламентте жана коомчулукта ошол эле Алай районунан чыккандар биртоп – Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова, Абдыганы Эркебаев, Марат Султанов ж.б.”, – дейт Абдирасулова.

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru