Айбат » Азизбек Турусбаев, коомдук ишмер: Эмоцияга жетеленип, «согуш ачабыз» дегени туура эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азизбек Турусбаев, коомдук ишмер: Эмоцияга жетеленип, «согуш ачабыз» дегени туура эмес

Турусбаев Азизбек- Акматбек Келдибековдун жердештери эгер бийлик талапты аткарбай, Келдибековду боштондукка чыгарбаса, согуш ачып, төңкөрүш жасарын маалымат жыйынында билдиришти. Мындай чакырык өлкө бүтүндүгүнө доо кетирбейби?

– А.Келдибековдун жактоочулары балким ичи ачышканынан ушундай пикирин билдирип жаткандыр. Бирок, канчалык жандары ачышса дагы баарынан мыйзамдуулукту жогору коюшу керек. Алдыда сот процесстери болот. Ошондо Келдибековдун актыгын сот алдында далилдеши зарыл. Жеке менин пикиримде, ачууга алдырбай, сабырдуулук менен иш кылып, мамлекеттин бүтүндүгүн баарынан жогору коюшубуз абзел. Биз бир элбиз, бир журтбуз, баарыбыздын мамлекетибиз бирөө гана. Ошону ар бир жаран жүрөгү менен туя билгени оң. Анан эмоцияга жетеленип, «согуш ачабыз» дегени туура эмес.

- «Бийлик Келдибековду бошотсун» деп жатышпайбы?

– А.Келдибеков эмес, дегеле кайсы бир маселеге айыпталып жаткан адамдарды эч ким боштондукка чыгара албайт. Буга бир гана соттун чечими керек.

Кыргыз эли – акылман элбиз. Эчендеген кылымдан бери жоголбой жашап келгенбиз. Ошол карт тарыхыбызды сактап, өнүккөн мамлекетибизди келечек муунга өткөрүп берүүнү эстен чыгарбайлы. Мамлекетибизди талкалап алсак, бизге бирөө мамлекетин бербейт. Муну келечек муун дагы кечирбейт.

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru