Айбат » Рита Карасартова, көзкарандысыз эксперт: Мына ушундай тууганчылык, жердешчилик деп жүрүп өнүгө албай жатабыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Рита Карасартова, көзкарандысыз эксперт: Мына ушундай тууганчылык, жердешчилик деп жүрүп өнүгө албай жатабыз

Карасартова Рита- Коррупцияга шектелип кармалган эл өкүлү Акматбек Келдибековдун тарапташтар: «Келдибековду үй камагына чыгарбасаңар, согуш баштап, төңкөрүш жасайбыз» деп билдиришүүдө. Мындай билдирүүгө кандай пикирдесиз?

– Мен мындай билдирүүлөргө каршы пикирдемин. Мамлекет үчүн кооптуу жагдайлар бир кишинин айынан түзүлбөшү зарыл. Бирок, дагы бир жагдайы бар. Бийлик коррупция менен системалуу күрөштүбаштагандан кийин эми коалициялк көпчүлүккө кирген фракциялардан дагы мамлекеттин эсебинен жеп-ичип байыгандарды дал ушул Келдибековго таккан айыптар менен айыптап камашы керек. Болбосо бир фракциядан камалып жаткандардын саны көп болгондуктан муну саясый куугунтук деп атап жатышат. Эгерде бийлик коалициядагы депутаттарды да камай баштаса, эл дагы: «Булар өздөрүнүн адамдарын да камай баштады» деп көтөрүлбөй калат. Болбосо, азыр камалып жаткандарды «баатыр» кыла беребиз.

-  Сиз айткандай эле Башкы прокуратура да коалициялык көпчүлүккөкирген фракциялардан да айрым депутаттарга кылмыш иши ачыла тургандыгын билдирген. Эгерде аларга да кылмыш иши ачылса, алардын да туугандары көтөрүлүп чыкса эмне болот?

– «Менин тууганым эле, неге камап койдуңар?» дегенди токтотуу керек. «Менин тууганым эле, кошунам эле, жердешим эле» дебей турган учур келди. Тууганы болсо дагы кылмыш кылган болсо, айыбын мыйзам алдында тартсын деш керек. Мына ушундай тууганчылык, жердешчилик деп жүрүп өнүгө албай жатканыбызды бардыгы эле билишет. Андыктан Башкы прокуратура чындап эле коалициядагы депутаттарга да кылмыш ишин ача турган болсо, тездетиши керек.

- Алар: «Биз эч кимден коркпойбуз, адегенде Ош менен Жалал-Абаддын администрацияларын басып алып, анан борбордук бийликти кулатабыз» дешет. Буга бийлик кандай чара көрүш керек?

– Алдын-ала чара көрсө болот. Мындай маселелерде мамлекетөзүнүн принципиалдуулугун көрсөтүш керек. Ар бир кармалган адамды туугандарынын талабы менен чыгара берсе, жакында адамөлтүргөндөрдү да туугандары чыгарып кете баштайт.

Бетти даярдаган Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru