Айбат » Сыймык Бейшекеев, КР эмгек сиңирген артисти: «Согушка эмес, элди сабырдуулукка чакыралы»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Сыймык Бейшекеев, КР эмгек сиңирген артисти: «Согушка эмес, элди сабырдуулукка чакыралы»

Бейшекеев Сыймык- Сыймык мырза, коррупцияга шектелип кармалган эл өкүлү Акматбек Келдибековдун тарапташтары «Келдибековду үй камагына чыгарбасаңар, согуш баштап, төңкөрүш жасайбыз» деп билдиришүүдө. Маданият кызматкери катары мындай кырдаалда элге кандай ой айтат элеңиз?

– Турмушта кызуу кандуулукка алдырган адамдар болот. Менимче, бул кеп ошондой адамдар тарабынан айтылган окшойт. Жакыны, же тууганы камалып жатса, ага боору ачып ар кандай сөздөрдү айтып алуулары мүмкүн. Бирок, кандай болгон күндө дагы мынчалык катуу кетпестен, мыйзамдын чегинде колдоолорду, коргоолорду жасагандары туура болот. Себеби, өлкөбүздөгү бүгүнкү абал ар кандай тынчтыкты буза турган аракеттерге туруштук бере албайт. Дагы бир революцияны да көтөрө албайт. Андыктан Кыргызстан деген мамлекетибизди сактап калгыбыз келсе, анда бактылуу турмушта жашагыбыз келсе, эч кандай революциянын, ага чакырык жасоонун да кереги жок. Тарыхыбызды карасак деле ар кандай улуу инсандар убагында айыпталып, бирок чындыгында эч кандай күнөөсү болбогон болсо, ар дайым акталып келген. Андыктан сабырдуулук керек. Оң колдун ачуусун сол колубуз менен басып, ар ишке өтө аяр, өтө этият, мыйзамдын чегинде гана мамиле жасайлы.

- Коррупцияга шектелген, же дагы башка кылмыштар менен айыпталып кармалган чиновниктерди жердештери «бошоткула» деп чыга берсе, өлкөбүздүн абалы кандай болот?

– Жогоруда айтып өткөнүмдөй эле бизге сабырдуулук, акыл калчап иш кылуу аба менен суудай эле зарыл болуп турат. Илгертеден эле ата-бабаларыбыз сабырдуулукту улуу касиет катары эсептеп келишкен. Кыргыз эли мындан да кыйын кырдаалдарда сабырдуулугу, акылкөйлүгү менен улут катары жоголуп кетпей, бийик баалуулуктарыбызды сактап келишкен. Ар бир чиновникти, саясатчыны өзүнүн жердештери коргоп, «бошоткула» деп чыга берсе, анда мамлекетибиздин келечеги көрүнбөйт. Эгерде камалган адамдын туугандары революция жасап, анан башкаларды камашса, алардын туугандары көтөрүлүп чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андан көрө өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, конкреттүү пландар менен иштеп, изги максаттарды алдыга коюп жашашыбыз зарыл. Мындай саясаттагы терс көрүнүштөрдү акыркы 20 жылда саясатта жүргөн агаларыбыз өздөрү «чалып» ботко кылып коюшту. Мындай адаттан арылалы. Болбосо, эртең катуу өкүнүп калышыбыз мүмкүн. Элди жөнү жок үгүттөбөйлү. Коррупция боюнча дагы кармала тургандар бар деп атышат. Алар камалса, анан алардын да туугандары 10-15 аймактан көтөрүлүп чыга берсе, мамлекетибизди талкалап, келечегибизди тумандатып алабыз.

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru