Айбат » Британияда эң бийик скульптура ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Британияда эң бийик скульптура ачылды

ат башыШотландияда “Келпи” деп аталган эң чоң скульптуранын курулушу аяктады. Эбегейсиз чоң эки аттын башынан турган скульптура Фолкирк аймагында тургузулду. 30 метрлик скульптуралар жалпы баасы 43 миллион фунт стерлинг деп бааланган “Геликс” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул долбоор Шотландиянын аймагын өнүктүрүүнү жана өлкөгө туристтерди тартууну көздөйт. Бул эмгектин дизайны глазголук сүрөтчү Энди Скотко таандык. Аттардын башын жасап чыгуу үчүн 10 миңдей атайын конструкция жана 600 тонна металл керектелди. “Келпи” скульптурасынын курулушу июнь айында башталган. Британиядагы эң бийик скульптура кийинки жылы толугу менен ишке кирет.

Айбат гезити №55



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru