Айбат » Бала бакчадан «өргүүгө»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бала бакчадан «өргүүгө»

Баткен облусунун Лейлек району бала бакча менен 16%га камсыздалган. Алыскы айылдардын тургундары жергиликтүү бийликке бала бакча менен камсыздоо талабын айтып эле келет. Райондун аткаминерлери бул көйгөйдү Эл аралык уюмдун көмөгү менен чечип жатышканын белгилейт. Адистер балдарды бакчадан өргүүгө чыгаруу жолу менен бакчадагы тыгынды аз да болсо жеңилдетүүгө болорун сунуштайт.

бала бакча

Ар ким ар кандай айла
таап жатат

Исфана шаарында базарда соода жүргүзгөн Кымызай Халилова бала бакча тартыштыгынан улам балдарына атайын бакмачы (няня) жалдоого аргасыз экендигин айтат. Айтымында, ушинтип гана көпчүлүк аялдар жумушка чыгууга жана каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүшүүдө.

«Бала бакчада орун жетиштүү болсо саар алып барып, кечинде баланы иштен кайтканча алып кетмекпиз да. Бакчаларда орун 2016-жылга чейин толуп калган дешти. Кезек көп экен. Аргасыздан айына 4-5 миң сомдон төлөп, бакмачы жалдап жатабыз»,- дейт Кымызай.

Ал эми Ак-Булак айылынын тургуну Сабира Жороева кайда барса балдарын ээрчите жүрөт. Айылдыктар буга көнүп да бүтүшкөнүн айтат.

«Айлыбызда бала бакча жок болгондуктан, балдарымын бирин жетелеп, бирин көтөрүп алып барчу жагыма барам. Бакча болгондо ишенип таштамакмын да. Эми бул Исфана шаарына бакчага берип, алып келип, алып кеткенге да мүмкүн эмес. Район, айыл өкмөт борборлорунда бакчалар болгону менен, кыштактарда жок болуп жатпайбы»,- дейт Сабира.

Лейлек райондук билим берүү башкармасынын башчысынын милдетин аткаруучу Гапарбек Саюнов айыл жашоочуларынан бакча ачып берүү боюнча суроо-талаптар болуп жатканын белгилейт.

«Катраң, Лейлек, Маргун, Бешкент айыл өмөттөрүндө бала бакчага муктаждыктар болуп жатат. Айыл өкмөт жайгашкан жерлерде бар, ал эми айылдарда жок. Биз кээ бир мектептердин базасында смендүү тайпаларды ачып бергенбиз, алар 3 сааттык. Жок дегенде балдардын дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандырып алсак, мектепке барганда жазганды, отурганды, мугалим ким экенин, башка балдар менен пикир алышканды үйрөнүшөт»,- дейт Г.Саюнов.

Бакчаларда балдардын
саны 2 эсеге көп

Анткен менен, район борборунун да  бакчага болгон муктаждыгы толук чечиле элек. Жок дегенде дагы 2 типтүү бакча курулушу же уюштурулушу зарылдыгын айтат адистер. Исфана шаарындагы «Барчын» балдар бакчасын жетекчиси Роза Мамажанова бакчада балдардын саны белгиленгенден 2 эсеге көп экендигин айтат.

«Ушул күнгө 600 бала бакчага кабыл алууга кезекте турат. Ар жылы 50дөн гана бала кабыл алынат. Кабыл алынганы – бул артыкчылык. Биздин бакча 140 балага ылайыкталганы менен, учурда 278 бала тарбияланууда»,- дейт Роза айым.

35 жылдан бери бул тармакта иштеп келаткан Роза Мамажанова бакчанын артыкчылыгын санап берди:

«Бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы – режимде. Эртең менен зарядка жасашат. Тамактанууда да айырма болот. Ботко жешет. Андан соң өз убактысы боюнча даярданышат. Балдардын жаш курагына жараша атайын программа менен окууга даярдык көрүшөт. Үйдө тарбияланган бала өзүмчүлүрөөк мүнөз болот. Бакчадагы бала жамааттык мамилени билет»,- дейт бакча Р.Мамажанова.

Бала бакча менен 16%га гана камсыздалган

Район акиминин айтымында, 10 жыл мурда турмуш-шарттын оордугунан эл пенсия, жөлөк пул боюнча жардам сураса, учурдагы суроо-талабы — бала бакча менен камсыз кылуу. Лейлек районунда 23 бала бакча болсо, бул 16 гана камсыздоону түзөт. Учурда ушул маселени чечүү аракети көрүлүп жатканын айтты аким.

«Быйылкы жылы кошумча 15 бала бакчасын ачып жатабыз. ЮНИСЕФ уюмунун көмөгү менен. Эл аралык уюм жергиликтүү бийлик менен түзмө-түз иштеп жатат. Мурда мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу бала бакчаларды ачкан. Биз аларга далилдеп жатабыз, мамлекеттик ишканалар да таза, так иштей алат деп. Ушул аракеттердин негизинде биз дагы 10 баланы бакчага тартканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул дагы деле аз. Келечекте дагы аракет көрүү керек»,- деди Тилеберди Арипов.

Менчиги жана формасы өзгөргөн бакча имараттарынын тагдыры

Лейлек районунда да Совет мезгилиндеги бир катар бала бакча имараттары жеке менчикке сатылып, айрымдары башка мекемелерге өтүп кеткен. Учурда мамлекеттин балансында болуп, кароосуз тургандары оңдоп-түзөлүп жатканын, мыйзамсыз менчикке өткөндөрү иликтенип жатканын айтты аким.

«Менчиктештирилген жана формасын өзгөртүп жиберген имараттар боюнча райондук прокуратура иш козгоп, органдар тактап чече турган маселелер гана калган»,- деди Т.Арипов.

Райондук билим берүү башкармасынын башчысынын милдетин аткаруучу Гапарбек Саюнов белгилегендей, жеке менчик бакчалар да билим берүү министрлигинин программасы менен иш алып барат.

«Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылында чоң, типтүү эле балдар бакчасы болгон имарат кароосуз калып кетип, бирөө аны менчиктештирип алган. Бүгүнкү күндө ошол бала бакча жеке менчик бакча катары иштетилип келе атат. Жеке менчик болсо дагы биздин карамагыбызда, биздин система менен иш алып барып жатат»,- деди Г.Саюнов.

Эксперт эмне сунуштайт?

Айыл жергесинде бала бакчалардын тартыштыгын чечүү жолдорун  Лейлек райондук билим берүү башкармасынын бакчалар менен иштөө боюнча адиси  Райханай Жалилова айтып берди.

— Жалпы балдардын санына карата Лейлек району 16га гана бала бакча менен камсыздалыптыр. Дагы 10 камсыздалышы күтүлүп жатыптыр. Бул кантип ишке ашырылат?

– Акыркы 5 жылдын ичинде жергиликтүү бийлик жана эл каралбай калган бала бакча имараттарын оңдоп-түзөп жатат. Ал эми бала бакчага керектелчү ички эмеректерди, керектүү жабдууларды жана оюнчуктарды ЮНИСЕФ уюму камсыздап берүүдө. Кээ бир айылдарда толук эмес- кезметтүү (смена) ыңгайлаштырылган жамааттык бакчалар иштеп баштады. Мисалы, бирөөсү ФАПтын, бирөөсү мурдагы интернаттын имаратына уюштурулуп. Лейлекте 23 бала бакчадан сырткары дагы 13 жамааттык бакча ачылганы турат. Анткен менен, жамааттык балдар бакчасына бюджеттен каржы каралган эмес. Ата-энелердин каражатынан тарбиячыларга эмгек акы төлөнөт.

— Жергиликтүүлөр толук смендүү бакчага муктаждык көп деп айтып жатышпайбы?

– Учурда жаматтык бала бакчалар айыл өкмөттөргө карайт. Балдар бакчасын жергиликтүү бийликтер алсын деген токтом чыккан. Толук смендүү бакчага айлантуу жагы да иштелип жатат. Ошондой эле бакчаларда ылайыкталгандан эки эсе көп бала тарбияланууда. Биз муну балдарды 1 айлык өргүүгө чыгаруу менен тыгынды жеңилдетип жатабыз. Ата-энеси отпуск алса, же энеси декретке чыгып кеткенде, баласына 1 айга отпуск берилет. Бирөөсү кеткенде, бирөөсү ордуна келип, балдардын көптүгү билинбей калат. Балдарга отпуск 1 жылда бир эле жолу берилет. Ошенткенде балдар жылышып, кроваттар тартыш болбойт.

Лейлек району боюнча 23 бала бакча бар. Алардын ону жамааттык, бирөө жеке менчик. 88 тарбиячы 2331 баланы тарбиялайт. Бала бакчанын төлөм акысы менчигине карабастан 500 сомдун тегерегинде.

 

Бала бакчага болгон муктаждыкты жеңилдетүү чараларын суроо-сопкутка тартылгандар да сунушташты.

 Султан Бакиров, Баткен шаарынын тургуну:

– Биз 2 жылдан бери бакчага кезекте турабыз. Жеке менчикке берели десек, алган айлык маянабыз бир эле төлөмүнө жетчүдөй. Кантсе да мамлекеттик бакчадан кезек жетип калар деп жүрөбүз. Чоң кызыбыз илешпесе, кийинкилерибизге орун болуп калар. Мурдагы эски бала бакчаларды кайра кайтарып алуу керек. Көбү эле арзыбаган баага сатылып кеткен. Менимче, бул мыйзамсыз.

 

Айнура Кулабаева, Алай районунун тургуну:

– Жеке менчик бала бакчаларды ача берүү керек. Канчалык конкуренция болсо, төлөмү да да улам арзандайт. Чындыгында  мамлекеттикке караганда менчик бакчанын шарты, тамак-ашы жакшыраак. Өкмөттүк бакчаларда балдардын саны да көп. Байкуштар эки бала бир кроватка жатышат экен.

 

Маңыбай Акматов, Ноокат районунун тургуну:

– Биз го бала бакча эмне экенин билбей эле чоңойдук. Бирок, азыр ата-энеси иштебесе деле баланы бакчага берген жакшы. Жазганды, эсептегенди, тамганы үйрөнөт. Айылдарда демилге көтөрүп, кароосуз турган имараттарды бакчага айлантса болот. Аны үчүн жергиликтүү калк да каралашканы жакшы. Ашар жолу менен деле жасаса болот.

 

Тамара Чыныбай кызы, Ош шаарынын тургуну:

– Имараттары башка мекемелерге өтүп кеткен бала бакчаларды кайра кайтаруу зарыл. Эгер мүмкүн болсо жергиликтүү бийлик жаңы имарат курса болот. Марафон жолу менен деле каражат топтосо болот да. Айрыкча кайсы бир ири мекеме-ишканалар ошол ишкананын базасында бала бакча ачса, ата-энелери  башка жакка убарагерчилик тартпай, жумушу бүткөндө баласын алып үйүнө кетет. Муну өнүккөн өлкөлөр тажрыйбалап жатышат.

Гүлзат Газиева

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru