Айбат » Акыйкаттыктан тайган Аманбаев эски казыгын табабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Акыйкаттыктан тайган Аманбаев эски казыгын табабы?

«Жөжөнү сойсо да касапчы сойсун» деп акылман элибиз бекеринен айтпаган экен. Бул макалдын жөн жерден жаралбаганын кокусунан Акыйкатчылык креслого отуруп калган Бактыбек Аманбаев реалдуу жашоодо тастыктап келе жатат. Ал кайсы бир күчтөрдүн тапшырмасын гана аткарып, өзүнүн түздөн түз милдети болгон адам укугун коргоо жаатында жарытып иш алып бара албай тургандыгын көрсөттү. Мындан улам, коомчулукта: «Мындай саясатташкан, чала сабат акыйкатчынын кереги барбы? Парламент ага карата чара колдонбойбу?» деген суроолор жаралууда.

Аманбаев Бактыбек

Бактыбек Абдилашим уулунун бул тармакта тажрыйбасы ныпым жоктугун анын басып өткөн жолу ырастайт. Мисалы, ал эмгек жолун 1999-жылы котормочулуктан баштаган. 2000-2004-жылдары «Азаттык» радиосунда журналист, 2005-2007-жылдар аралыгында КТРКнын рекламалык-коммерциялык бөлүмүнүн директору, андан кийин эки жыл улуттук окуу жайда мугалимдикти аркалаган. Апрель окуясынан кийин аз убакытка Ош шаарынын вице-мэрлигинде отурса, кийинчерээк «Саясат-пресс» гезитинин башкы редактору, ЖКнын басма-сөз кызматын жетектеген. Акыйкатчылыкка шайланганга чейин «Айыл деми» гезитинин башкы редактору болуптур.

Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн журналистика чөйрөсүндө өтөгөн Аманбаевдин капилеттен өлкөнүн башкы акыйкатчылыгына талапкерлигин коюп, парламент элегинен эч тоскоолдуксуз өтүп кеткенине көпчүлүк түшүнбөй калды. Буга байланыштуу маалымат каражаттары түрдүү версияларды жазышты. Алардын биринде Б.Аманбаев эжеси Урмат Аманбаеванын жардамы менен ЖКдагы 60дан ашуун депутатты «сатып» алып, ар бирине 1500-3000 доллардан пул бергени кабарланган эле. Ишенбейли десек, «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев «Азаттык» аркылуу Акыйкатчыны шайлоодо айрым талапкерлер депутаттарга ири каражат таратканын, укук коргоо органдары муну тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазага тартышы керектигин билдирди. Мунусуна караганда, жакынкы аралыкта Акыйкатчыга да кылмыш иши козголбойбу? Бул суроонун жандырмагы убагы келгенде чечилер. Кичине чыдап күтө турушубуз керек.

Айрым гезиттер жазгандай, самандай сапырылган акчанын күчү менен келген Бактыбек мырза ишин саясый интригадан баштады. Эки күн Саруу айылында командировкалап, жергиликтүү калктын көйгөйүн укканын шылтоолоп маалымат жыйынын өткөргөн Акыйкатчы саруулуктар жарым аскердик абалда күн кечирип, анын бардыгына облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күнөөлөп, анын отставкага кетишин талап кылып чыкты. Ал турсун, Эмилбек Саламатовичти коррупционер деп айыптап, аны адам өмүрүнө кол салды дегенге чейин барды. Соттун чечимисиз айып тагуу болбостугун Бактыбек Абдилашимович билбегендей. Эгер Каптагаев сотко кайрылса, сөз жок жеңип чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок «битке теңелип көйнөгүмдү өрткө таштайымбы» дегендегисиби, коюлган дооматтарды четке кагуу менен гана чектелди.

Б.Аманбаевдин жолдо калгыр жоругуна коомчулук тескери баасын беришти. Көзкарандысыз эксперттер Акыйкатчынын саясый иштерге аралашуусун кескин сындап, аны өз милдетин аткарууга чакырышты. Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бул окуяда Аманбаев сабатсыздыгын далилдегенин, анын саясатка кийлигишүүгө укугу жоктугун баса белгиледи. Ал эми кээ бир басылмалар Акыйкатчы эркин депутат Равшанбек Жээнбеков жана «Республика» партиясынын айрым төбөлдөрүнүн буйругун аткарып жатканын жар салышты. Мындай маалымат чын өңдөнөт. Анткени, Сарууга боору ачымыш этип, Э.Каптагаевди ээрден оодарып түшкүсү келген Бактыбек мырза абактагы Акматбек Келдибековдун жактоочулары Ош-Эркечтам жолун тороп, жүздөгөн унаалардын каттамына тоскоолдук жаратып, карапайым калктын укугу корголуп жатканга адилет кебин айтканга жарабады. 26-ноябрда Саруунун айрым тургундары Бишкек-Каракол унаа жолун бууганда дагы талкан сугунуп алгансып унчукпай койду. «Урматтуу туугандар, бул кан жол. Жолду бууган мыйзамга каршы келет. Элди ойлогула, мыйзам алдында жооп берип каласыңар» деп калыс кебин айтканга жарабады. Мына ушул эки окуяда тең жалпы элибиздин укугу тебеленип-тепселгенин билдирип чыкканда накта Акыйкатчылыгын көрсөтбөйт беле. Же тыйын берсе сүйлөп, тыйын бербесе унчукпас позицияны тутунгандын кыныгын алганбы?

Акыйкатчы деген бир ууч топтун же кайсы бир саясатчынын буйругун аткарбашы керек. Ал жалпы кыргызстандыктардын укугун коргоого милдетти. Ал эми Бактыбек Аманбаевге окшогон «эт менен челдин ортосунда» жүрүп, саясый интрига менен алектенип, стратегиялык маанидеги кан жолдор буулуп, элибиздин укугу кордолуп жатканда калыс пикирин билдирбеген Акыйкатчынын барынан жогу артык эмеспи…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №55




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru