Айбат » Миң-Куштуктар көмүр кенин жакшы өндүрүп жаткан ишкананын лицензиясын алып салышкандыгына нааразы болушууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Миң-Куштуктар көмүр кенин жакшы өндүрүп жаткан ишкананын лицензиясын алып салышкандыгына нааразы болушууда

Min-Kush_13Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында көмүр отунун өндүрүп жаткан “Бусурманкул-Т” ЖЧКсынын уруксат кагазы алынып ишмердүүлүгү токтотулуп жатканына эл нааразы болуп жатат. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдиришти.

Маалыматка карасак, Кыргыз Республикасынын геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентигинин кен пайдалануу маселелери боюнча комиссиясы Жумгал районунун Миң-Куш аймагындагы ЖЧК “Бусурманкул-Т” көмүр казып жаткан ишканасынын лицензиясын алып салган.

Ал эми аталган айылдын тургундары эч кандай деле мыйзамдын чегинен ашып, ашыкча деле ката кетирип ийгендиги байкалбаган ишкананын ишмердүүлүгү токтотулгандыгына нааразы болушууда. Буга чейин иштебей жаткан ишканалдын уруксат кагаздары алынбай, өндүрүмдү жогорулатып жакшы иштеп, өнүгүп жаткан көмүр кенин эмне себептен токтотуп жатышканын түшүнө албай келишет.

Бул боюнча Миң-Куш жаштар уюмунун жетекчиси Адис Жапаров, “бул ишкана чындыгында Миң-Куштун элине көп жардам берип келе жаткан. Эч нерсеси жок баштап, жетекчиси маңдай тери менен көмүр ишкананы бутуна тургузуп, керек болсо айылдын айрым социалдык тармактарына жардам көрсөтүп келген. Өтө орчундуу мыйзам бузуулар жок болгондон кийин, “Бусурманкул-Т” ишканасынын лицензиясын ошол замат эле алып койбой, биринчи эскертип, каталарын оңдоттуруп, мүмкүнчүлүк бериш керек болчу” – дейт ал.

“Аталган көмүр ишканасынын жетекчиси Токтоназар  Токтосунов негизинен 2010-жылдан бери кен казуу боюнча өндүрүштү жогору казып келе жатат. Биз Миңкуштуктар Мамлекеттик геология агенттиги калыстык менен ушул маселени карап, кайрадан чечет деген ишеничтебиз. Бул боюнча жогорку бийлик өкүлдөрүнө да кат жүзүндө элдин кайрылуусун жолдойбуз. Лицензияны алып коюш бат эле, бирок катаны оңдоп иштеп кеткенге да мүмкүнчүлүк бериш керек да” – деген ойлорун айтышат Миң-Куштуктар.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru