Айбат » “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов окурмандардын суроосуна жооп берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » On-Line конференция » “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов окурмандардын суроосуна жооп берди

Жениш МолдокматовСайтыбыздан «online конференция» деген долбоорун жаңыдан баштадык.
Бул долбоордун негизги максаты окурмандар жана кызыккандардын бере албай жүргөн суроолоруна жооп алып берүү.

Суроо берүүнүн жол-жоболору: белгилүү бир убакытка чейин сурооңузду сайт аркылуу алдын-ала бере аласыз жана белгиленген сааттын ичинде түз сурооңузду берип, түз жооп ала аласыз…

Алгачкы «online конференциянын» мейманы “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов болду. Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрь күнү 15:00дөн 16:00гө чейин түз суроолор  берилип, түз жооп алышты.



Башка окшош макалалар:

Башка окшош макалалар жокко эсе.

39 комментарий

  1. Жениш мырза мен си3 менен сыймыктанам. Жараткан колдосун.

  2. Мен тыңмын деген кыз жигиттер “массалык түрдө” Кыргызстандан чыгып кетүү тууралуу ойубузду өкмөткө билдирип туруп чыгып кетсек кантет? ошондо, бийлик эсине келеби а?

    • Жок, бул жанылычтык. Эгер биз жаштар оз оклобуздон чыгып кетсек, бул биздин женилгенибиз жана алсыздыгыбыз болот. Анын ордуна курошушубуз керек. Ак ийилет биок сынбайт деп бекер айтылган эмес. Бардыгын ак эмгек жана биримдик женет. Андан корок жаштар болунбой, бириксе чон куч болот.

  3. Анатай:

    Туйгунаалы Абдраимовдун минип жургон машинасын жана тош белгилерди акчага сатып акча жеп жургонун айтып журчунуз эле… Ушул маселенин аягына чекит коюлдубу?

    • Тилекке каршы мына-мына иш аягына чыгат дегенде, биздин эргул депутаттар менен айрым чиновниктер жен ичинен суйлошо коюшуп, бардыгын мыйзамга такап ишти ачык бойдон калтырып коюшту. Ал эми Абдраимов бир топ чарчаган сон, Атамбаеге чейин кирип жардам сураганын эшиттик. Кыскасы бул иште мамлекеттин бардык кучтору кийлигишип жатып, тим болушту. Биз бул боюнча дагы материалдарды топтоп жатабыз, жыл жанырганда которулот.

  4. арген:

    Жанторо Сатыбалдиевди коп сындап келесиз… Бир жолу коркутуулар болду деп уктум эле, ушул чынбы?

    • Фарида:

      Саламатсызбы Жениш байке, душманыз коппу же тууганыныз, досунуз коппу?

    • Премьер-министирдин кемчиликтери абдан коп. Анын кобун айтып келгенбиз. Коркутуулар дайыма болуп келет. Бир кызыгы, Баткендеги чек-ара маселесин которуп, шылдын кылып кутучага бир сом салуу менен премьердин денгээли 1 сом деп чыкканда, расмий жолугууша чакырып, озу келбей койгон. Ал эми кол алдындагылар окмоттун аппаратынан жумуш сунушташып, чакырганга аракет кылышкан. Албетте, алардын оюнда мага кызмат бере коюп, тилди кесе салыш керек болгон.

    • Коркутуулар коп болот. Ал эми премьер-министр тарабынан окмоттун аппаратына жумуш сунушталып, тил кесуу аракети болгон, ишке ашпады жана ашпайт.

  5. нурсулуу:

    Атамбаев баштаган коррупция менен курошу “операциясы” аягына чыгы, жыйынтык берээрине ишенесизби?

  6. махабат:

    Кыргыз саясатчыларынан кимди баалайсыз?

  7. мирдан:

    Жениш мырза, озунуз тууралуу кыскача айтып берсениз?

    • Окуумду Испаниядан бутуп келгем, коптогон мамлекеттерде кыска мооноттогу атайы курстарын бутургом. 19 жашыман тарта мектепте мугалимдикти аркалап, бара-бара кызматтарды алмаштырып келдим. Бугунку куну саясий кымылдамын.

  8. ulan:

    Жениш мырзага суроо. Азыркы оштун башчылыгынын тагыраак айтканда Мырзакматовдун айласында болуп жаткан окуяларга коз карашыныз кандай

  9. Анарбек:

    Азыркы тапта эл жаштардын бийликке келишиние тилеп, каалап жана кутуп отурушат. Анткени, 20 жыл аралыгында КРны бийлеп жургондорго элдин ишеними томондоп калган. Бийликке келуунузго кандайдыр бир бут тосуулар болуп жатса керек. Бут тосуулар болсо ошону элге ачык айтса кандай болот деп ойлойсуз?

    • Туура, 20 жылдан бери кыргыз эли 300 уй-булоону багып, капиталистерге кулдук кылып келебиз. Бийликке жетуу ото оор, созсуз жолтоо болгондор, тоскоолдуктар абдан коп. Бир гана нерсе женет, биримдик жана эрктуулук. Кудайым буюрса аман болсок бардыгын бирге женебиз, 20 жыл кыргызды тизеге ийип келгендерди бирден колго чаап, жоопко тартабыз.

  10. алманбет:

    ассалам алейкум жениш мырза! калыс деген кыймыл ачыптырсыз, эмне учун партия эмес, жон эле саясий кыймыл? дагы бир суроо – кыймылда башка адамдар барбы, же жалгыыыз эле барын жайлай береспи?

    • Бардыгы дароо эмес, акырындап болот.Алгач кыймыл тузуп, чыныгы патриот инсандарды, кадрларды, команданы туптоп, анан Кудайым буюрса келечекте партия тузуп, эл ишеничи менен, элдин уну жана добушу менен бийликке келуу ниетибиз бар. Саясий кыймылды албетте жалгыз киши алып барбайт, биз чон командабыз. Учуру келгенде эл ар бирин талдап, тааный баштайт.

  11. Patriot kg:

    jeniw mirza siz kele4ekte kim bolgunuz kelet?

  12. Азамат:

    Жениш мырза, саясатка жаны кирдиниз жанылбасам. Баардык саясатчылар активисттер мыйзамдуулук орнолсун деген талап менен иш жургузот туурабы? 1-суроо эмне учун мыйзамдуу турдо акция Бишкек паркынын алдында откорууго болбойт деген кагаз берилсе мыйзамга баш ийбей откордунор.2-суроо убагында апрель революциясынын баатырына 1500000 сом квартира бербесенер чыпалагымды кесем, ачкачылык жарыялайм деп аягына чыга албай калдынар. Жаш саясатчылар шоудан алыс болуп, конкреттуу иштер менен алек болсо дегенге кандай карайсынар? Жооп бересиз деген умут менен рахмат! (мен эч кандай жаман ой жок сурроолорду бердим, коп адамдарга кызык болушу керек.)

    • Бишкек-Парк боюнча откорулгон тынчтык акциябыз мыйзамдын чегинде уюштурулган. Алгач Бишкек шаардык мэрияга жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына расмий билдируу берилген. Ал эми акцияны узгултукко учуратуу бул бийликтин кызыкчылыгы болгон. Биздин угушубузча Жеништин унун чыгарбай камагыла деген, жооттору буйрукту так аткарды. Акцияны откоруунун негизги себеби, аталган компаниянын жетекчиси, туркиянын жараны Хусаметтин Ыйылмаз кыргыздарды койсунар деп шылдындаганы болгон. Бизди камап, коркутабыз дешкен, ишке ашпады. Бугунку куну Бишкек Парктан тышкары 12 чет элдик компаниялрда болуп жаткан мыйзам бузууларды топтоп, жакынкы учурда акцияларды откорууну пландаштырып жатабыз. Акыры кыргыздарды койсунар деген чет-элдик инвестордон кечирим суратабыз.Оз жерибизде озубуздун эл кордук корбош керек. Мыйзам бардыгына бирдей иштеш керек! Жакында бардыгыныздар кубо болосуздар, мыйзам бузган, Кыргызстандын жарандарын жемелеген чет-элдик инвесторлордун сазайын беребиз.
      Ал эми, Токмоктогу акция боюнча суйлошуулордон кийин, 3 жылдан бери чечилбей келген маселе ордунан жылгандан кийин токтотууга туура келди. Акыры женишке жеттик, бийликти ийип, унубузду угузуп, талаптарды аткарта баштадык, Бул дагы жениш. Айтарым, биз апрелдин батыры артынан озубузду коргозгубуз келген жок, жана бул иш менен мактанганыбыз туура эмес. Бул биздин жарандык милдет болду. Эн негизгиси Чынгыздын уй-булосунун жашоосу оноло баштады. Учурунда карызга батып, мамлекет тарабынан каралбай калган, бугун карамакка алынды. Мына ушул негизги максат болгон.

  13. элдик тарап:

    саламатсыз жениш мырза!сиз карапайым калктын эмне койгойу болсо аны жогорку денгээлде которуп журосуз ар дайым,бийлик тараптын жаман жагын бетине айтып келесиз,сиз ушул чиновниктерден коркутуп уркутуулор болду беле?жоопбунузду ачык айтсаныз??

    • Албетте болгон, болуп келет. Озгочо чон чиновниктердин мыйзамсыз жана туура эмес иштерин, айтор коррупциялык схемаларын ачыкка чыгарганда жок кылып коебуз дегенге чейин барган учурлар бар. Эн ыплас ыкмалары уй-булого асылганы. Бирок, бир дагы коркутуу менен эл-жер учун куйуп-бышкан журок менен эрдикти демин баса алышпайт. Себеп жалгыз Аллах чечет адамдын жашоосун журушун. Буга чейин кандай иштеп келсек, мындан да кучтуулук мене ниш алып барабыз. Кыргыз жери жана элинин чыккынчыларынын жузун ачып, акыры бакубат жашоо алып келгенге умтулабыз.

  14. Уka:

    Ассалоому алейкум Жеңиш мырза? Атамбаевдин коррупция менен күрөшү жараянына кандай баа бере алат элеңиз?

    • Азыр кандайдыр бир баа бериш болбойт. Убакыт талап кылынат. Айтарым, эгер коррупция менен курошуу чынында туура багытта болсун десек, Атамбаевдин тегеретесиндеги коррупционерлер дагы жоопко тартылыш керек. Ошондо эл ишенет.

  15. jyldyz:

    salamatsyzby Jenish myrza? Siz abdan simpotichniysyz[[ Ekinchi ayal alam degen oyunuz barby?

  16. калабашчысы:

    Саясат деген кир дешет. Сиз ошол кир нерсеге кирууго аракет жасап келесиз. Бийликке келсениз, сиз дагы кир болосузбу же таза болосузбу. Анткени, тазабыз дегендердин бардыгы кийин эле кир жактары билинип калып жатат. Мисалы, Келдибеков апапакай болуп корунууго аракет кылчу. Эми анын арам иштеринин беттери былтыйып ачылды.

    • Сиздин суроонуз бугунку куну жалпы элди ойлонтуп келет. Айтар созумду бардык жерден айтып келем. Саясат кир эмес, адамдар кир. Саясат таза журуш учун таза адамдар талап кылынат, бул учурдун талабы. Ар бир адамдын ниетинен, оюнан жана кызыкчылыгынан. Ыймандуу, билимдуу, илимдуу жана эл учун куйгон адамдар тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылган. Мисалы, раматылык Дооронбек Садырбаев атабыз омурун акырына чейин кыргыз учун куйуп, жери учун жанын берген мыкты, таза, билгер саясатчы деп таанылат.Биз жаштар ушундай адамдардан улгу алышыбыз керек.

  17. Кыргызстан Жаштар Кенеши дегенде журдунуз эле кайрадан Калыс болуп калдынар буга эмне себеп болду?

    • Кыргызстан Жаштар Кенеши деп айтып тургандай буга чейин жаштар менен чектелип келдик, ал эми орто муун же улуу муун коз кыйырдан калып жатты. Акыркы жылдары мамлекеттик денгээлде маселелер которулгондо жаштар уюму деген чек айрым учурларда тоскоолдук кылды. Анын устуно Саясатка кирген сон, арканды узак таштап, кадамды бекемдеш керек болду, ошол себептен саясий кыймыл кылдык.

  18. Мээрим:

    Саламатсызбы Жеңиш байке? Сиздин жубайыңызды көрүүгө ашыккандар көп болсо керек деп ойлойм. Аялыңыз тууралуу айтып бериңизчи? Сүйлөшүп жүрүп алдыңыз беле?

    • Жубайым экообуз суйлошуп журуп баш коштук. Азыркы тапта Кудайга шугур жакшы жашоо куруудабыз. Албетте жашоонуну женил-оорун, ысык-суугун баштан бирдей кечип келебиз. Ар бир адамга кааларым бекем уй-булоо, рахат жашоо жана бакубаттык.

  19. Жыргалбай:

    саясий кыймылыныздын аты Калыс экен, сиз озунунз чындап эле калыссызбы?

    • Жениш Молдокматов:

      Кыймылдын атын коюуда коптогон ой жугуртуу болуп, акыры буга чейин калыстык менен келген сон, кыймыл дагы калыс болсун деп койдук. Албетте калыстык ар бир адамда болуш керек. Мен адамдарда калыстыкты терен баалайм.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru