Айбат » Кара-Кечеде каза болгон Айбектин өлүмүнө 3 милицияга иш козголду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кара-Кечеде каза болгон Айбектин өлүмүнө 3 милицияга иш козголду

IMG_2982Нарын облусунун Жумгал районунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин башкы укук коргоо кызмат бөлүмүнүн жана атайын дайындалган отрядынын милиция кызматкерлерине адамды өлгөн абалына чейин жеткизе сабаган деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Козголгон кылмыш иши КР Кылмыш жана жаза кодексинин 97  беренеси боюнча киши өлтүргөн жана 305 беренелери менен кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар чегерилген.

Жумгал районунун прокуратурасына бул иш боюнча Чаек айылынын тургуну Бейшенкул Мамбеталиев атуу адам кайрылган. Анын арызы боюнча, 1 декабрь 2013 жылы Кара-Кече көмүр кенинин кире беришинен милиция кызматкерлери тарабынан баласы Айбек Мамбеталиев сабоого алынып, ооруканага жетпей көз жумган. Бул каргашалуу окуяга аталган укук кузматкерлери тийиштүү жазаларын кылмышкерлер алынуусун суранган.

Тийиштүү иликтөө иштери жүрүп, бул иш КР Процессуалдык жана Кылмыш жаза кодексинин №94 беренесине ылайык Кочкор райондук ИИБнын (ИВС ОВД ГУБОП МВД КР) милиция кызматкерлери Ж.С., Р.Т. жана Нарын облусу боюнча атайын дайындалган отрядынын милиция кызматкери Ч.Б. лар кызматтарынан бошотулуп жана камака алынышты.

Учурда кылмыш иши боюнча иликтөө иши жүрүп жатат.

Эске салсак, 1-декабрь күнү Кара-Кече аймагында Чаек айылынын тургунун укук коргоо кызматкерлери ур токмоко алган. Натыйжада 1986-жылы туулган Айбек Мамбеталиев өзүнүн жаман абалын айтып ооруканага жиберилген. Оор жаракат алган жаран 1 декабрь күнү саат 12:00 чамасында ооруканага жетпей көз жумган.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru