Айбат » Кочкор эли Курманбектерден качан кутулат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкор эли Курманбектерден качан кутулат?

КурманбековМурдагы акимдин тартып алган Кочкордогу мүлктөрүнүн чырынын аягы бүгүнкү күнгө чейин тыйылбай келет. Бул эргул аким болуп турган кезинде менчиктештирип келген байлыктарын кайрадан тартып алуу үчүн кадамын алыс таштап, алдыга чыккандарын акчанын күчүнө салып, “Ормон опузага” салуусун күчтөнткөнүн Кочкорлуктар айтып түгөтө албай турган чак. Буга мисал келтирсек, Кочкордогу туз шахтасын апрель ыңкылабынан соң тарттырып жиберсе, бүгүнкү күнү аны кайрадан күч органдарынын жардамы аркасында күчкө салып тартып алды.

Андан кийинки тизмекте Кочкор администрациясына тиешелүү болгон эки кабаттуу мейманкана турат. Аны да  дал ушул акимдик доорду сүрүп турганында өзүнө менчиктештирүүгө жетишкен. Ал бош  тургандыктан медресе ачтырып коюп, билмексен болуп жүргөнүнө бир топ болгон. Бул имаратты дагы быйыл кууп чыгып, учурда акчага туйтунуу максатында сатууга камынып, кардар издеп жүрөт.

Байтеректин небереси Курманбектин жолун жолдоп жүргөн дагы бир эргул жөнүндө кеп козгобосок болбойт.  Бул эргулдун аты дагы Курманбек, фамилиясы болсо Жумагазиев, Жөргөмүш деген каймана атка эгедер СССР тушунда  күпүлдөп чыгып турган “Эмгек Туусу” райондук гезиттин имаратын өз кезегинде менчиктештирүүгө жетишкен. Жөргөмүш “жөргөлөп” жүргөнү менен аталган гезиттин Башкы редакторулук “креслосун” ээлеп турган. Учурда ушул гезитке тиешелүү болгон эки кабаттуу имарат талашка түшүп,  Жөргөмүш менен Мамлекет соттошуп, Мамлекет жеңип кеткен. Ал эми жеңилген тарап кайрадан сотко берип, талаш элдин бүйүрүн кызытууда. Ал эми мамлекетке тиешелүү  “Эмгек Туусу” гезити отурган имараты жок, ар кайсы эшикти сагаалап жүргөнүнө жергиликтүү тургундардын жаны ачып келет.

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru