Айбат » «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору Юнеского катталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору Юнеского катталды

UNESCO

4-декабрда саат 18:00дө ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору Кыргызстандын атынан катталсын деген чечимге келди. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын атынан кыргыз делегациясын баштап барган Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаков жыйынтык сөз сүйлөп, азербайжан элине, Өкмөттөр аралык комитеттин мүчөлөрүнө, ЮНЕСКОнун катчылыгына жана кыргыз элинин баа жеткис мурасы болгон «Манас» эпосун каттоого колдоо көрсөткөн жыйындын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Делегация башчысы К.Самаков «Бул жеңиш бүткүл кыргыз элиники, Кыргыз мамлекетиники болду» деп, Кыргызстан элин кезектеги ири ийгилиги менен куттуктады. Андан соң, кичинекей манасчы Үмөт «Манас» айтып, калган манасчылар коштоп кетишти. Жыйындын катышуучулары манасчылардын бир үзүмдөн «Манас» айтып чыкканча күтүп, кыргыз делегациясына узакка кол чаап, кыргызстандыктардын кубанычына ортоктош болушту.

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru