Айбат » Жогорку Кеңешти Келдибеков боюнча комиссия түзүүнү сунушташууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жогорку Кеңешти Келдибеков боюнча комиссия түзүүнү сунушташууда

Кочкорбаев Абдимуталип“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев абалды “аныкташ керек” деген ойдо. Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев атажуртчу депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. “Бүгүн бул иштин айланасында көп ызы-чуу болуп, эл түрдүү нерселерди айтып жатат. Абалды аныкташ керек”,- деди Кочкорбаев. Белгилей кетсек, 20-ноябрда Келдибеков кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы 2 ай камакка алынсын деп белгиленген болчу

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru