Айбат » Бишкектин кийинки мэри оппозициядагы киши болушу керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бишкектин кийинки мэри оппозициядагы киши болушу керек

Дыйканбаев Курманбек“Бишкектин кийинки мэри оппозициядагы киши болушу керек”. Бул тууралуу “ЖКнын депутаты айрым ЖМКларга  Курманбек Дыйканбаев айтып чыкты.

Анын айтымында, Иса Өмүркуловдун отставкага кетишин анын мамлекет башчысы менен болгон мамилеси начарлап кетти деп айтууга болбойт. “Өмүркуловдун отставкасы анын – эркекче чечими. Өзүнүн жасаган ишинен нааразычылыктарды байкаган ар бир аткаминер ушундай кадамга барышы керек. Өмүркулов өз ордун табат. Ал кедей киши эмес”,- деди Дыйканбаев.

Республикачыл депутаттын айтымында, жаңы шаар башчысы боло турчу кишинин жок дегенде мамлекеттик кызматта үч жылдык тажрыйбасы болушу керек. “Шаар башчысы боло турчу киши өзү үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген киши болушу керек. Мэрдик кызматты оппозицияга же нейтралдуу кишиге бериш керек. Анткени коалициядагы киши өзүн көргөздү”,- деди ал.

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru