Айбат » Эл өкүлдөрү элди ынтымакка чакырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эл өкүлдөрү элди ынтымакка чакырды

мирПарламенттин бейшемби күнкү пленардык жыйынында Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары өлкөдөгү акыркы кырдаалга тынчсызданып, элди ынтымакка чакырды.

Зулпукаров ТөрөбайТ.Зулпукаров:

“Айрым жарандарга үч облустун атынан сүйлөөгө ким уруксат берди”

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров маалымат каражаттарында элди бөлүп-жарууга чакырыктар болуп жатканына тынчсызданып, элди сабырдуулукка чакырды. Ошондой эле ал айрым чиновниктердин камакка алынышына каршы чыккандардын сүйлөгөн сөзүн сынга алды. “Азыр жакыны камакка алынгандар митингдерди өткөрүп жатат. Алардын күнөөсү барбы, жокпу, аны сот чечет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан, сабырдуу болсок. Азыр айрым жарандар үч облустун атынан сүйлөп жатат. Аларга үч облустун атынан чыгып сүйлөөгө эч ким укук берген эмес. Эгерде кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү кайдыгер калтырбаса, сабырдуу болсок”, – деди эл өкүлү.

Вице-спикер белгилегендей, мамлекетти эч качан эч ким бөлө албайт. Бардыгын мыйзам чегинде алып баруу талап кылынат. “Мен дагы кесиптештеримдин акталып чыгышын каалайм, бирок ар ким колу менен кылган ишин мойну менен тартышы керек”, – деди Т.Зулпукаров.

Ал эми депутат Абдыманап Кутушев президенттин коррупция менен күрөшүү эркин баалап, жемкорлук менен күрөшүүдө биримдикке чакырды. “Президенттин жемкорлук менен күрөшүүдө саясый эрки бар. Бирок биз бирикмейин мындай максатка жетүү оңой эмес. Сыртта карап турган өлкөнүн интеллектуалдык элитасынын туруму мага түшүнүксүз болуп турат. Качандыр бир кезде немис философу Гегель, эл деген мамлекеттин эмнени каалап турганын түшүнбөгөн бөлүгү деген экен. Ушул айтылган нерсе туура окшойт”, – деди А.Кутушев. Ошондой эле ал Кыргызстандын келечеги үчүн бардык тарапты ынтымакка чакырды.

Депутат Эркингүл Иманкожоева болсо саясатчыларды оппозиция же позиция болуп бөлүнбөөгө чакырды. Ал Кыргызстан үчүн эки революция жана канчалаган адамдардын каны төгүлгөнү жетишет дейт. “Биз өлкөнүн биримдигин жана ынтымагын бекемдөөгө аракет кылышыбыз керек”, – деди ал.

 

Жээнбеков АсылбекА.Жээнбеков:

“Уурулар жоголгондо гана өнүгөбүз”

Депутат Талантбек Узакбаев болсо соңку кезде каршылык акция катышуучулары ачык эле бийликти коркутуп, элди түндүк, түштүккө бөлүп жатканына тынчсызданды. “Каалаган эле адам элди бөлүп жара берсе, эртең эмне болот? Биз үчүн бүгүнкү күнү башкы нерсе мамлекеттүүлүктү сактап калуу. Ыйгарым укуктуу органдар ыкчам жооп кылып, мындай билдирүүлөргө карата жоопкерчиликти күчөтүүлөрү керек”, – деди Т.Узакбаев.

Пленардык жыйындын “Ар түрдүү маселелер” бөлүгүн жыйынтыктап жатып, төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттар, анын ичинде өзү дагы Кыргызстанда туруктуу кырдаал орносо, өлкөбүз өнүксө деген тилекте экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге, азыркы чакырылыштын бардык депутаттары менен конституциялык мөөнөтү бүткүчө бирге иштешүү, келерки шайлоону өз маалында таза өткөрүү ниети бар экенин да билдирди.

“Тилекке каршы, айрым депутаттар камакка алынды. Биз аларды күнөөлүү деп айталбайбыз, анткени тергөө амалдары бүтө элек, сот чечими чыга элек. Алар ак болсо, акыры акталып чыгат. Ал эми мурда жооптуу кызматтарда жүрүп, далай шектүү долбоорлор аркылуу ири каржыларды жымырып алып, коррупциялык жосунга белчесинен баткан айрым адамдар азыр андан саясат жасап, азыркы бийликти жаманатты кылуу менен, бийликке кайра келүү амалын жасап жатат”, – дейт ал.

Төрага азыр коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүрүп жатканына токтолуп, Жогорку Кеңештин депутаттарын ал күрөшкө жигердүү катышууга чакырды. “Биз алардын артында кандай жаман иштери бар экенин жакшы билебиз. Алар кезинде уурдаган каражатын элдин мойнуна илген, мамлекетти сызга отургузган немелер. Эми ошолор элдин атынан сүйлөгүсү келет. Президентке колдоо көрсөтүп, коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүгө тийишпиз. Биз качан оңолобуз? Ошондой ууру-кескилер, каракчылар, жемкорлор мыйзамдан корккондо, таптакыр жоголгондо гана оңолобуз!”, – деп төрага өз сөзүн жыйынтыктады.

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru