Айбат » Депутат Абдыманап Кутушев: «Мамлекет жетекчисин коомдогу алдыңкы күчтөрдүн баары жапатырмак колдоого алышы зарыл»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Депутат Абдыманап Кутушев: «Мамлекет жетекчисин коомдогу алдыңкы күчтөрдүн баары жапатырмак колдоого алышы зарыл»

Кутушев АбдыманапЖогорку Кеңеш жыйынынын жүрүшүндө депутат Абдыманап Кутушев коррупция жосундарына каршы айыгышкан күрөштүн жүрүшүнө, өлкө аймагындагы түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Төмөндө ошол кайрылууга окурман назарын бурабыз:

 Урматтуу депутаттар!

Ардактуу мекендештер!

 Немецтин улуу философу Георг Гегелдин бир ороюраак айткан сөзү бар: “Эл – бул мамлекеттин эмне кааларын билбеген бөлүгү”, – деген экен. Бул сөз Х1Х кылымдын башында, элдин көпчүлүгү сабатсыз болгон кезде айтылса да, эң өкүнүчтүүсү, азыркы күндө деле биздин калктын бир бөлүгү кээ бир учурларда таасирдуу адамдардын, өзүн коомдун элитасы катары эсептеген адамдардын жетегинде бүтүндү бүлүндүрүү багытта кетип баратканын күрүп жатабыз.

Күнүмдүк, убактылуу тар кызыкчылык гана алар үчүн негизги жүйө болуп, тилекке каршы, өлкө келечеги тобокелчиликке салынууда. Дүйнөдө, өзгөчө алыскы Сахара чөлүнөн баштап береги Каракорум тоолоруна чейин эбегейсиз чоң аймакта туруксуз кырдаал орноп жатканын көрүп-билип эле турбайбызбы. Тунис, Ливия, Египет, Сирия, Ирак, Ооганстан, атүгүл, Пакистанда да жанжалсыз, адам курмандыктарысыз күн өтпөй калды.

Азыр Кыргызстанда коомдо бир жарака кетсе, ал жылчыкка май куюп, от коюп жиберчүлөр четтен чыгат. Бизге ушу керекпи? Дегеле, ал кимге керек? Кыргызстандагы тынчтык, өлкөнүн өнүгүшү биринчи кезекте кыргыздын өзүнө, жалпы кыргызстандыктарга гана керек. Муну эл, элге келечекке карай багыт бере ала турган элита жетик түшүнүшү керек.

Эски элитанын саясий коррупцияга малынган, өз кызыкчылыгын гана ойлогон, моралдык жактан тайкы, маданиятсыз, ачкөз өкүлдөрү өлкөнүн башкаруу тутумунан четтетилип, интеллекти жогору, маданияттуу, элдин абийири боло ала турган мамлекетчил жаны адамдар элита катары эл башкарууга келиши зарыл. Азыр ушул жаатта тарыхий учур, а мүмкүн, кайталангыс оомат келип турат.

Мамлекет жетекчисинин саясий эрки бар экени көрүнүп турат, аны коомдогу алдыңкы күчтөрдүн баары жапатырмак колдоого алышы зарыл. Өзгөчө интеллигенция өкүлдөрү, билим берүү жана маданият ишмерлери, окумуштуулар унчукпай четте турганы болбойт. Интеллектуалдык элитанын мамлекеттин тагдырына таасири чоң болушу керек.

1918-1933-жылдардагы Веймар парламенттик республикасынын тагдырын эстейли. Рейхстагда-парламентте коммунисттердин жана социал-демократтардын депутаттары нацисттерге караганда алдаганча көп болгондугуна карабастан, алдыңкы күчтөрдүн өзара ынтымагы болбогонунан, ниети таза адамдардын унчукпай отуруп алганынан улам Германияда Гитлер бийликке келген. Тарых сабагын унутпай, мамлекеттин, Кыргызстандын, кийинки муундун келечегин ойлойлу!

Айбат гезити №56




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru