Айбат » Мелис Мырзакматов арстан эмес эле, бирөө…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мелис Мырзакматов арстан эмес эле, бирөө…

Акылы чолоктун акылы куру көкүрөктө

(Франсуа де Ларошфуко. (1613-1680) француз жазуучусу)

Мырзакматов МелисКечээ  жакында Ош шаарында болуп өткөн Акматбек Келдибековду бошотуу талабын коюшкан митингде шаар мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп алды.

Ачыгын айтканда, буга чейин бул кишиге карата анча-мынча сый-урматы бар адамдар дагы жүзүн тескери үйрүп, «шаар жетекчисинин сүйлөгөн сөзү ушул болсо…» деп этегин кагынып турушат. Ырасында эле шаарды оңдоодо аздыр-көптүр эмгеги бар дешип, Мырзакматовдун сыйлагандар бар эле. Тилекке каршы, «жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» дегендей эле болду. Же «мактаган кыз митингде осурат» болуп кеттиби, айтор…

Ушул күнкү Мырзакматовдун күпүлдөгөн сөздөрү жалпы кыргыз журтчулугуна жаккан жок. Биринчи эле кезекте мамлекеттик жогорку кызматтагы иштеген адам элди башаламандыкка эмес, мыйзамдуулукка чакырат эле. Экинчиден, «кыргыз эле кыргыз» деп күйүп-жанып жаткандан кийин жок дегенде кыргыз тилинде таза сүйлөсө болмок. Кыргызчаны үйрөнүп алган өзбек сүйлөп аткандай эле болот экен. Эгер таарынса, өзүнүн сөзү менен «Сизге гап жок, апанди экенсиз» дегенден башка аргабыз жок. Бул биринчиден.

Экинчиден, Мелис мырза эмне кызыкчылык үчүн Келдибековду коргоп калды? Себеби, кечээ эле ал Келдибековду, Ташиевди, Мадумаровду тоготпой жаткандай болгон. Эске сала кетсек, мындан бир нече ай мурун, тактап айтканда 27-августта Келдибеков «Биз Ташиев, Мадумаров, Мырзакматов төртөөбүз биригүү тууралуу келишим түздүк» деп чыкканда Мырзакматов Келдибековду жанына жууткусу келбей, “Биз, Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, төртөөбүз биригүү тууралу келишимди мындан бир жарым жыл мурун, 2012-жылдын башында түзгөн болчубуз. Анда Бишкек жана Ош шаардык кеңештерге шайлоого даярданып, Жантөрө Сатыбалдиевди премьер-министрликке  даярдап жатышкан кез эле. Бирок, келишимге кол коюлгандан кийин Ташиев президент менен сүйлөшүп алып, премьер-министр болом деп келишимден чыгып кетип, келишимди бузуп салган”, – деп маалымат булактарына билдирип чыккан. Демек, ал мезгилде ити чөп жеп жаткан Мырзакматовго Келдибековдордун жардамынын кереги жок эле. Ал эми жакында боло турган Ош шаарынын мэрлик кызматына боло турган шайлоодо утулуп калаарына көзү жеткен ал эптеп Келдибековдун тарапташтарына колдоо көрсөткөн болуп, «Мени кызматтан кетирүүнүн аракетин көрүп жатышат» деп чогулган элден колдоо тапкысы келет.

Ошол эле кезде Акматбек Келдибеков да убагында Мырзакматовго карата көрүнөө да, көмүскө да терс пикирлерин билдирип келген. «Мырзакматов мен үчүн «пацан»» деп айтып жүргөнүн да укканбыз. Эл ичинде «Келдибеков Мырзакматовду кызматтан алууга абдан кызыкдар экен» деген да кептер чыккан. Мындай кептерди Мырзакматов өзү чыгарып атат дегендей оюн да Келдибеков билдирип келген. Айтор, бул эки эрен эч качан бир максатты көздөшкөн эмес. Андыктан айрым кошоматчылары «Мырзакматов арстан» деп койсо, ага маашырланып кетип  үнүн күрүлдөтүп сүйлөгөнгө көнгөн Мырзакматов арстан эмей эле, ар кандай абалдан жарык нур издеген «үшүкчөөл», жылуулукту гана сүйгөн мышык экендигин көрсөтүп атат.

Ошол митингде Мырзакматов «Кумтөрдү» элдин пайдасына иштетпей жатат, ошол коррупция» деп кыйкырат. Эмнеге ушундай кыйкырыкты «атакелеп» жүргөн Бакиевдин убагында айткан жок эле? Анткени Бакиевдер анын тилин түбүнөн эле жулуп саларын жакшы түшүнчү. Демек, арстан ушундай коркоктук кылабы?

Анан «Кыргызгазды» бир долларга сатып жатат, ошол коррупция» дейт. Ал эми «Кыргызгаздын» канча карызы бар экенин, ошонун баарын «Газпром» өзү төлөй тургандыгын неге айтпайт? Бийлик томаяктарды камап жатат, коррупционерсиң деп дейт. Акматбек Келдибеков томаякпы? Анда калган эл да жашап жүрүптүр да.

«Мына бул жерде 5 эле СДПК бар» деп кыйкырат. Эмнеге элди бөлүп жатат? Милиция кызматкерлерине кайрылып «Шайтанга кызмат кылбагын!» дейт. Шайтан ким? Элдин башын айлантып, стабилдүүлүктү бузууга, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурууга аракет жасап жаткан өзү эмеспи..?

Айбат гезити №56



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru